Казыналык I кварталда бөлүнгөн 27 млрд. сомдун кайда жумшалганын айтты

Жазылуу
Борбордук казыналык үч айда бюджеттен корогон каражаттын суммасын жарыялаган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 2019-жылдын 1-кварталында (январь, февраль, март айлары) мамлекеттик кызматкерлерге маяна төлөө жана ведомстволорду каржылоого республикалык бюджеттен 26 миллиард 849 миллион 576,6 миң сом сарпталды. Бул туурасында Каржы министрлиги Борбордук казыналыктын маалыматына таянуу менен билдирди.

Каражаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин маянасына — 6 миллиард 459 миллион 931,8 миң сом;
  • калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 2 миллиард 340 миллион 428,6 миң сом;
  • социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 7 миллион 562,8 миң сом;
  • товарларды жана кызматтарды пайдаланууга — 948 миллион 496,3 миң сом;
  • товарларды жана кызматтарды сатып алууга — 85 миллион 560,3 миң сом;
  • коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөөгө — 274 миллион 455 миң сом;
  • мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө — 6 миллиард 126 миллион 357,4 миң сом жумшалды.

Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0