Китеп басуудагы чуу. Прокуратура министрликтин кемчиликтерин таап, иш козгоду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКитепкана. Архив
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар авторлорго гонорар төлөө жагынан да акча каражаттары майнапсыз пайдаланылып, анын кесепетинен бир нече миллион сомдук акчалар кайда жумшалганы белгисиз бойдон калууда.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигине окуу китептерди басып чыгаруу боюнча мыйзамсыз иштер жана 13 миллион сомдон ашуун акчаны майнапсыз пайдалангандыгы үчүн бир катар жетекчилерге кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында аталган көзөмөл органынан кабарлашты.

Ситуация на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлиги ЕЭКтеги министрлерди чакыртып алууну сунуштады
Маалыматта 2017-жылы августта аталган министрликтин жетекчилиги "5-класстын англис тили китебин" тираждап басуу боюнча тендер өткөргөн. Ал эми каражат республикалык бюджеттен каралган. Анткен менен Дүйнөлүк банк 2017-жылга кредиттик жана гранттык каражаттын эсебинен 5-класстын окуучуларынын китептерин көбөйтүп басууга 2 735 772 доллар бөлүп берген эле.

Мындан сырткары, бааларга эч кандай мониторинг жүргүзүлбөй туруп, тиражды көбөйтүү боюнча кымбат баа коюлган. Буга кошумча китептердин авторлоруна гонорарды төлөп берүү милдети конкурстун катышуучуларына талап катары киргизилген. Эске сала кете турган нерсе, жогорудагы долбоордун алкагында 3, 4, 5 жана 6-класстын окуучуларынын англис тили боюнча иштелип, толукталган китебинин авторлоруна ошол эле долбоордон 103 514 доллар төлөп берген. Бул каражатты алган авторлор аталган китепке болгон автордук укукту Билим берүү, илим министрлигине чексиз мөөнөткө берген.

Конкурстук арыздардын баасы менен нускасын көбөйтүп басып чыгуу туурасындагы келишимдерде мыйзамсыз коюлган талаптардын жыйынтыгынан улам китеп баскан "П" ЖЧКсы менен "У" ачык түрдөгү коомуна авторлорго гонорар төлөө жазылган. Бирок карай келгенде аталган ишканалар факты боюнча гонорар берген эмес, анын кесепетинен бюджеттик акчадан 1 884 000 сом ашыкча чыгымдалган.

 Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
МГУнун ачылбай калган филиалы: Билим берүү министрлиги мурунку жетекчиге шылтады
Белгилей кете турган учур, министрликтин тиешелүү жетекчилеринин аталган ишти алып баруу милдетин начар аткаргандыгынын кесепетинен республикалык бюджеттин 13 174 200 сому майнапсыз иштетилген. Мындан сырткары, баскан китептер билим берүү бөлүмдөрүнө кечигип жеткирилгендиктен салына турган 427 942 сомдук айып өндүрүлгөн эмес. Мындан улам да мамлекетке материалдык зыян келтирилген.

Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгынан улам Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилерине карата Жаза кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 234-беренесинин негизинде ("Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу") кылмыш ишин козгоду. Аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Китептеги каталар, тендердеги кемчиликтер чуулуу окуяга айланып, билим берүү жана илим министринин дарегине айтылган сындардын аягы тыйылбай келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жагдайды иликтеп көрүүнү чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0