Ишкерлердин каржылоо алуусуна көмөктөшкөн фонд түзүлдү

Жазылуу
Фонддун капиталы 400 миң долларды түзөт.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бизнес-долбоорлорду даярдоо, ишкерлерге каржылоо алууда көмөк көрсөтүү максатында ПРООНдун техникалык колдоосу менен Экономика министрлигинин алдында Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо фонду түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Билдирмеге караганда, фонддун капиталы 400 миң долларды түзөт.

"Долбоорлорду даярдоо фонду потенциалдуу бизнес-долбоорлорду аныктайт. Ошондой эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан жана башка эл аралык финансылык институттардан каржылоо алуу үчүн сапаттуу бизнес жана инвестициялык долбоорлорду даярдоого көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин сунуштайт", — деп айтылат маалыматта.

2018-жылдын декабрь айында Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынан келген 7 бизнес-долбоор кабыл алынып (айыл чарба, кайра иштетүү, балык чарба ж.б.), алдын ала талкуу иштери жүргүзүлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял председателя ГИК Бактыбека Шамкеева - Sputnik Кыргызстан
Пайызды азайтып, 30 млн. евро алуу. Жээнбеков ипотека маселесин талкуулады
Мындан тышкары, юридикалык компанияларды каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу максатында 2018-жылдын 15-ноябрынан 31-декабрына чейин тесттик режимде юридикалык жактардын онлайн каттоосу www.minjust.gov.kg сайтында ишке киргизилген.

Ошондой эле 2019-жылдын 1-мартынан 2020-жылдын 1-январына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында юридикалык жактарды электрондук формада каттоо боюнча пилоттук долбоор өткөрүлүүдө.

Аны менен катар бизнес менен аракеттенүү үчүн онлайн-платформа ишке киргизилди.

Көйгөйлүү маселелер боюнча бизнес менен ыкчам аракеттенүү жана ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү максатында www.mineconom.gov.kg сайтында онлайн-платформа, чат жана тиешелүү мобилдик тиркеме ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0