Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын ишин сынга алды

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота Национального банка КР
Работа Национального банка КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент эгер тийиштүү иш аткарылбаса, чара көрүлөрүн эскертти.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, алыскы аймактарда толук иштеген банктар жок экенин айтты.

Анын айтымында, региондо жашагандарга дагы электрондук төлөм жана мобилдик банкингди колдонууга шарт түзүү керек.

"Учурда элет жеринде толук иштеген банк жок. Улуттук банк бул тапшырманы кечеңдетип жатат. Ишти активдештирип, тез арада жыйынтык көрсөтпөсө, тийиштүү чаралар көрүлөт. Улуттук банктын алдына дагы бир милдет коюлган. Улуттук банк комерциялык банктарды аймактардагы долбоорлорду каржылоого багытталган стимулдарды сунушташы керек. Коммерциялык банктар ар бир аймактан бирден ири долбоорду каржылаган күндө дагы 25тен ашык долбоорду ишке ашырса болот", — деди Жээнбеков.

Президент өз сөзүндө "Түндүк" системасына 47 мамлекеттик орган кошулуп, анын ичинен 16 мамлекеттик орган онлайн маалымат менен алмаша баштаганын билдирди. Кийинки этапта коммерциялык банктар жана башка жеке тараптар бул системага кошулуп керектүү маалымат менен алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлө турганын кошумчалады.

Президенттин парламентте сүйлөгөн кебин Sputnik агенттигинин видеосунан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0