1 миллиард долларлык келишимдер. Жээнбеков Германияга иш сапары тууралуу айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальным визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Германию
Официальным визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Германию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы 15-16-апрель күндөрү Германияга иш сапары менен барды.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-апрелде, Берлин шаарында Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуусунун алкагында басма сөз үчүн билдирүү жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар бир топ активдешти. Буга 2016-жылы Ангела Меркелдин Кыргызстанга расмий сапары менен келиши өбөлгө түздү.

Ал белгилегендей, бүгүн федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана Бундестагдын президенти Вольфганг Шойбле менен маанилүү саясий жолугушуулар болуп, жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбековдун Берлинде Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуусу
1 миллиард долларлык келишимдер. Жээнбеков Германияга иш сапары тууралуу айтты - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбековдун Берлинде Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуусу

Ошондой эле Мюнхен шаарында Бавариянын жетекчилиги менен жолугушуп, Ханс Зайдел атындагы фонддо сөз сүйлөп, Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу кенен айтып бергенин кошумчалады.

“Биз эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан кыргыз-герман ишкерлер форумун өткөрдүк. Экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган байланыштар түзүлдү. Эки өлкөнүн өкмөттөрү жана мекемелеринин ортосунда 10дон ашуун документке кол коюлду. Ишкерлердин ортосунда да бир катар келишимдер түзүлдү. Алардын жыйынтыгы 1 миллиарддан ашык еврону түзөт”, — деди Жээнбеков.

Президент айта кеткендей, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына — соода-экономикалык, өнөр жай тармагы, гидроэнергетика, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айыл чарба жана туризм кирет. Кыргызстан үчүн Германиядан инвестицияларды тартуу — чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө жардам берет.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Нотр-Дам чиркөөсүнүн өрттөнүшү боюнча көңүл айтты
“Кыргызстан бүгүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык жактан жаңылануу жолунда баратат. Биздин негизги максат — экономикасы өнүккөн, парламенттик демократиялуу укуктук мамлекетти түзүү. Германия менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасоо менен азыркы темпти улантуу маанилүү”, — деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары, президент кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташууну активдештирүү маанилүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0