Германия Кыргызстанга 21 млн. евро бөлдү. Акча эмнеге сарпталат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОфициальным визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Германию
Официальным визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Германию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германия менен гранттын бөлүнүшүн шарттаган үч келишимге кол коюлду.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 21 миллион евро грант бөлгөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Официальным визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Германию - Sputnik Кыргызстан
1 миллиард долларлык келишимдер. Жээнбеков Германияга иш сапары тууралуу айтты
Президент Сооронбай Жээнбековдун 15-16-апрель күндөрү Германия Федеративдүү Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Анын арасында гранттын бөлүнүшүн шарттаган үч макулдашуу бар.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, 13 миллион евро Ошто перинаталдык оорукананын курулушуна жумшалат. 6 миллионуна ушундай эле медициналык мекеме Таласка да салынмакчы. Дагы эки миллион евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканага көмөк катары берилет.

Жээнбековдун сапарынын жыйынтыгы тууралуу да окуп алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0