Акчанын сыртка агылышы боюнча жыл башынан берки рекорд коюлду

Жазылуу
Акыркы жылдары сыртка чыккан каражаттын көлөмү өскөнүн байкоого болот.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Ушул жылы эки ай ичинде жеке тараптар Кыргызстандан сыртка 74,8 миллион доллар которду. Мындай жаңылык Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылган.

Бул 2005-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Улуттук банктын сайтында дал ушул жылдан берки маалыматтар көрсөтүлгөн.

Экинчи орунда 2018-жыл турат. Былтыр чет өлкөлөргө 66 миллион доллар чыгарылган.

Кыргызстандыктар акчаны сыртка кимге жиберерин Улуттук банк айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0