Коррупция менен күрөшкөн Финпол атайын эсепке 68 млн. сом которду

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственная служба финансовой полиции КР
Государственная служба финансовой полиции КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күнү Финансы полициясы жалпы жонунан 605 миллион 956 миң 902 сом которду.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке 67 миллион 741 миң 275 сом которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура атайын эсепке 5 млн. сом которду
Ага ылайык, бүгүнкү күнү Финансы полициясы бирдиктүү эсепке 605 миллион 956 миң 902 сом которгону айтылат.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында түшкөн каражаттарды атайын эсепке топтоо керектигин айтып, ал үчүн депозиттик эсеп ачылган.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңеште жасаган кайрылуусунда былтыр коррупцияга каршы күрөштөн 5,7 миллиард сомго жакын каражат жана мүлк мамлекетке кайтарылганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0