Жээнбеков менен Мирзиёев Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун талкуулашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор 1990-жылдардан бери сөз болуп келет.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун долбоорун талкуулады. Бул тууралуу өзбек лидеринин маалымат кызматы кабарлады.

Пикир алышуу маалында президенттер аймактык инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурушканы белгиленет.

"Долбоордун экономикалык мааниси, аны ишке ашырууга катыша турган тараптардын иштешүүгө даярдыгы кубандырганы айтылды", — деп жазылат билдирүүдө.

Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган темир жолду куруу долбоору 1990-жылдан бери талкууланып келет. Каттамдын ар кандай варианттары каралып, анын ичинен Кытай аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстанга, андан ары Түркмөнстан, Иран өлкөлөрүнө чыгуу менен Түркиянын деңиз портуна өтүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0