Малина. Архивдик сүрөт

Аймактардагы азык-түлүктү экспорттогондор жеңилдетилген насыя ала алышат

104
Ишкерлерге коммерциялык банктардан 3-5 жылга чейин жылдык 8-10 пайыздык коюм менен узак мөөнөттүү насыя берилмекчи.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. "Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо" долбоорунун алкагында экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя берилет. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган долбоорду өкмөт 2019-жылдын майынан тартып ишке киргизет. Анын башкы максаты — аймактардагы өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишканаларды ачкан ишкерлерге финансылык колдоо көрсөтүү.

Тамак-ашты кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн атамекендик ишканалар (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) коммерциялык банктардан 3-5 жылга чейин жылдык 8-10 пайыздык коюм менен узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды ала алышат.

Буга чейинки "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1" долбооруна салыштырмалуу жаңы долбоордо патенттик негизде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тигүү ишканалары үчүн жеңилдетилген насыя каражаттарын (негизги каражаттарга 1 миллион сомдон ашык эмес жана жүгүртүү каражаттарына 500 миң сомдон ашуун эмес) алуу укугу каралган.

Долбоорду ишке ашыруу тандалган коммерциялык банктар аркылуу берилген насыя каражаттарынын пайыздык коюмдарын субсидиялоо жолу менен жүргүзүлөт. Тийиштүү финансылык ресурстар өлкө бюджетинде каралган.

104
Белгилер:
азык-түлүк, насыя, экспорт, ишкер, өкмөт
Тема боюнча
Ипотека берген банктардын шарты
Банк адиси ипотека алууда эмнелерге көңүл буруу керектигин айтты
Эрке элем, анан көргүлүктү көрдүм... Москвада бизнес империя түзгөн Адилеттин баяны
Газ өндүрүү. Архивдик сүрөт

Атаандаштыкка чыдабай... Европа менен Азия АКШнын суюлтулган газынан баш тартууда

145
(жаңыланган 21:50 09.07.2020)
Европа жана Азияда көгүлтүр оттун баасы көп жылдык төмөнкү чекке жетти. Ушул тапта америкалык суюлтулган газды сатып алуу кажетсиз. Ал түгүл муну АКШнын Энергетика министрлиги да моюнга алды.

Кардарлар бул жайга пландалган жүздөн ашуун газ ташуудан баш тартты. Натыйжада экспорт 63,6 пайызга кулады. Эмнеге океан ар жагындагы газдын эч кимге кереги жок болуп калышынын себебин биздин өнөктөш – РИА Новости агенттиги тактап көргөн.

Баа түштү

Былтыр АКШда жаратылыш газынын нетто-экспорту 54,7 миллиард куб метрге жеткен, бул 2018-жылдагыга караганда 20,7 миллиардга көбүрөөк. Эң ири суюлтулган газ өндүрүүчү Cheniere Energy компаниясынын маалыматына таянсак, биринчи кварталда дүйнөлүк рыноктогу соода көлөмү 100 миллион тоннага чыккан, бул 2019-жылга салыштырмалуу он миллион тоннага көп. Мындай өсүштү негизинен америкалыктар камсыз кылган.

Пландар да абдан дымактуу эле: 2020-жылы — 67,2 миллиард кубометр, 2021-жылы — 79,5... Мындай көрсөткүчтөрдү АКШнын Энергетика министрлигинин Энергетикалык маалымат башкармалыгы (EIA) жар салган. Бирок алар болжогондой болбой турганы анык болуп калбадыбы.

Жаңы кооптуулук: Катар газ "согушуна" кирүүгө ниеттенип жатат

Кыштын жылуу болуп калышынан улам сунуштун көп болушу, коронавирус пандемиясынын айынан суроо-талаптын чектелиши Европа жана Азиянын газ рыногун кыйратты. Ошентип, Европадагы TTF голландиялык хабында жылдын биринчи төрт айындагы орточо баа былтыркы жылдын ушул маалына караганда эки эсе ылдыйлады. Японияга споттук ташуулар 44 пайызга кыскарган.

Апрелде эле америкалык суюлтулган газдын Европага экспорттолушу экономикалык жактан жөнсүз болуп калган. Ири европалык жана азиялык компаниялар июнь-июль айларына келишимдерин жокко чыгарган.

Bloomberg маалыматына таянсак, АКШда суюлтулган газ заводдорундагы жүктөө апрелде 30 пайызга азайган. Май айына карата экспорт үчтөн бирге кыскарган. Буга коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр да себеп болгон.

Экономикалык жактан жөндөмсүз

АКШнын Энергетика министрлигинин Энергетикалык маалымат башкармалыгы (EIA) июндагы божомолу алда канча жагымсыз эле. Европалык жана азиялык сатып алуучулар суюлтулган газдын 110 партиясынан баш тарткан: июнь-июль айларына – 70, ал эми августта 40 партияны алышпайт.

Биринен сала бири банкрот болуп... АКШ сланец туңгуюгунан чыга албай калабы

Америкалык деңиз терминалына газ ташуу март айынын аягынан бери эки эсеге азайган, тагыраагы, суткасына 277 миллион кубометрлик рекорддук көрсөткүчкө түшкөн.

"Европа жана Азиядагы жаратылыш газына болгон төмөн споттук баа АКШдан экспорттоонун экономикалык жөндөмүн чабалдаткан. Ал мындай баага өтө сезимтал", — дейт EIA талдоочулары.

Алардын баамында, АКШдан июнда Европа жана Азияга суткасына орточо 101 миллион кубометр жөнөтүлгөн, ал эми бул жана келерки айда 62 миллион кубометрди түзөт. Бул экспорттук потенциалдын 25 пайызынан ашпайт.

Төмөндөй берет

Океан ар жагындагы газдан кардарлардын баш тартышы кеминде эле жайдын аягына чейин уланары, АКШдагы фьючерстик баалар Европадагыдан сентябрга дейре жогору кармалып турары боюнча серепчилердин божомолдору чын чыкты.

Ансыз да илең-салаң иштеп жаткан суюлтулган газ өндүрүүчү америкалык алты завод январь-апрель аралыгында, май айында кубаттуулугун 65 пайызга ылдыйлаткан. Platts Analytics өткөн айдагы түрмөгүндө июлдун башында 50% болорун жазган.

АКШнын Кытайга карата кытмыр планы: пандемиядан улам ачылган көшөгөлөр

"Анткени баа артыкчылыгы дээрлик жоголду, америкалык ташуулардан баш тартуу мезгилдин гана маселеси болгон", — дейт америкалык Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун серепчиси Никос Цафос.

Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун улук талдоочусу Игорь Юшков түшүндүргөндөй, ушул тапта сатып алуучулар америкалык суюлтулган газга төлөп берчү баа суюлтуу жана жеткирүүгө сарпталган операциялык чыгымдарды да жаппайт.

Баарынан да америкалык тун жана ири Sabine Pass терминалы көп жабыркады, кубаттуулукту баа кымбат убакта сатып алышкан, ал эми ишке киргизилген 2016-жылы кырдаал өзгөрүп кеткен. Андан бери завод чыгым эле тартып келген.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын алгачкы төрт айында АКШдан суюлтулган газды экспорттоо орточо суткасына 218 миллион кубометрди түздү, бирок апрелден майга чейинки аралыкта 17%га кыскарды.

EIA башкармалыгындагылар сентябрда газ ташый башташат, себеби жаратылыш газына дүйнөлүк суроо-талап акырындап калыптанууда.

Рынокту газ "каптады"

Анткен менен ири инвестбанктардын жагдайы анчалык эмес. Аналитиктер көгүлтүр оттун кору дүйнөдө толуп калганын айтышат. Суюлтулган газдын эл аралык соодасы кыйрап, америкалык сланецчилердин бардык сатуу каналдарын бүтөп койду.

Мунайдын баррели кайра 40 долларга көтөрүлгөнү мунайчылар казууну кайра жандандырып, кыйыр өндүрүм катары рынокко арзан газды арбын чыгарууда.

"Баррели миң доллардан": америкалык план мунай рыногун "муңайтышы" ыктымал

Европадагы баанын төмөндөшүнөн улам BofA Securities аналитиктери белгилегендей, ага суроо-талап жок. Азыр аны сыртка сатуунун ордуна резервуар жана сактагычтарга кайра куюштуруп жатышат.

Goldman Sachs эсеби боюнча экспорттун жоюлушунан улам америкалык запас 21,52 миллиард кубометрге көбөйөт. Бир жыл мурун катталган деңгээлдин үчтөн бирине, беш жыл аралыгындагы орточо көрсөткүч 18 пайызга өскөн.

Октябрга карата аталган өлкөнүн газды сактоо шарты бүтөт, бул суюлтулган газды казуунун жана өндүрүүнүн кескин кыскарышына кептейт.

145
Белгилер:
божомол, соода, рынок, атаандаштык, Азия, Европа, АКШ, нефть, Мунай, газ
Тема боюнча
"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?
Кассир доллар купюраларды санап жатат . Архив

Беш айда Кыргызстандан чет жакка 163,7 млн. доллар которулду

59
(жаңыланган 13:25 09.07.2020)
Улуттук банк ушул жылдын 5 айында чет жакка которулган каражаттын суммасын жарыялады. 2019-жылга салыштырмалуу акчанын көлөмү кыскарган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ушул жылдын алгачкы беш айында Кыргызстандан сыртка которулган каражаттын көлөмү 163 миллион 740 миң долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Бул атайын система боюнча жеке жактар которгон акча.

2019-жылдын январь-май айларында сыртка чыгарылган каражат 209,8 миллион долларды түзгөн.

Мигранттар которгон акчанын көлөмү май айында кескин өстү

Ал эми ушул жылдын май айында 31,5 миллион доллар которулса, өткөн жылы бул көрсөткүч 46,4 миллион болчу.

Быйыл акча которуулар апрель айында аз болсо (17,7 миллион доллар), мартта көп суммада акча сыртка чыгарылып кеткен (39,7 миллион доллар).

59
Белгилер:
экономика, доллар, чет өлкө, Акча которуулар
Тема боюнча
Мамлекет жарым жылда баалуу кагаз чыгаруудан 4,7 млрд. сом пайда көрдү