Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин мал-мүлкүн тизмектөөнү улантат. Бул ирет 8 райондон турган Чүй облусундагы акимдердин байлыгын карап чыктык. Бул дубандан ири кендер казылбаса да бир топ ишканалар ачылып, жерлердин баасы алтынга тете.
Материал акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясынын негизинде даярдалды. Анда акимдин өзүнө жана жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлк жазылган. Жакын туугандарына аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.
Калмырза Кожомкулов 2015-жылдан бери Ысык-Ата районун башкарып келген. Ушул жылдын 13-апрелинде кызматтан бошотулган. Жылдык кирешеси 448 миң сомду түзөт, турак жайы бар. Жылкы, уй, кой кармайт экен. Ал эми жакын туугандары айыл чарба багытындагы жерге жана бир батирге ээлик кылат. Мындан башка байлыгы жок, унаа айдабайт.
Болот Саткеев 2017-жылдын март айында Сокулукка аким болуп дайындалып, туура бир жылдан кийин кайра кызматтан бошотулган. Анын жылдык кирешеси 315 миң сомду түзөт. Саткеев да Панфилов районунун акимине окшоп итке минип жашайт. Мамлекеттен алган айлыгынан башка эч кандай байлыгы жок. Жакын туугандары болсо такыр эле акча таппайт. Мындан улам каякта жашап, үй-бүлөсүн кантип багып жатат деген суроо жаралат.
Каныбек Апбасов Чүй районун 2015-жылдын май айынан бери жетектеп келет. Ал бир жылда (2017-жылы) 348 миң сом иштеп тапкан. Муну 12 айга бөлүп санай келгенде айына 29 миң сом киреше табат. Бул ошол каражат менен эле үй-бүлөсүн багып жатат дегенди түшүндүрөт. Анткени жакын туугандарынын да киреше булагы жок, бир да мүлккө ээ эмес. Баары биригип аянты 70,6 чарчы метрлик турак жайга ээлик кылат. Апбасовдун мындан башка эч нерсеси жок.
Тынарбек Супатаев эки ай иштегенине карабай, декларацияга аким катары мүлкүн көрсөткөн. Анын кирешеси 104 миң сомду түзүп, айыл чарба багытындагы 6 гектардан ашуун жери бар. Үйү, автоунаасы, мал-жаны жок.
Касымбек Чодуров 2017-жылдын март айында Аламүдүн районунун башчылыгына дайындалып 2018-жылдын июнуна чейин иштеген. Анын жылдык кирешеси 1,2 миллион сом. Чакан күркөлөрдү иштетет, жылкы, уй багат. 500 миң сомдук теректери бар, эмерек, компьютер жана башка техникаларынын баасы 500 миңдин тегереги. Жакын туугандары жылына 1 миллион сом иштеп табат. Эки унаа айдайт. Кызыгы, ушунча байлыгы болуп туруп баш калкалоочу турак жайы жок.
Турусбек Ногоев Жайыл районун 2014-жылдан бери башкарып келүүдө. Ал Чүй облусунда эң көп иштеген аким болуп саналат. Жылдык кирешеси 400 миң сом. Үйү, Mercedes-Benz E 240 үлгүсүндөгү автоунаасы бар, азыраак мал кармайт. Ал эми жакындарынын бир жылдык кирешеси 684 миң сомду түзөт.
Туугандарынын эки турак жайы бар, үйүнүн алдындагы 9 гектардай огородду иштетет. Баасы 2,4 миллион сомду түзгөн майда жандык (кой, эчки) жана бодо мал кармайт.
Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кумшекерге болгон баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 19 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Статкомдун өлкөнүн 18 калктуу конушуна жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында 25-февралга карата кумшекердин баасы орточо эсеп менен 59,93 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 18,87 сомго же 46 пайызга өскөнүн көрсөтөт.
Кумшекердин бааларынын эң жогору өсүшү үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында 14 пайызга, Кара-Балтада 12,7 пайызга, Токтогулда 12,1 пайызга өскөн.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду.
"Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. Иштин 70 пайызы программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу. Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет", — деди Марипов.
Ошондой эле ал мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы мамлекеттин кемчилиги экенин моюндады.
Ал жакын арада президенттин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлүп, санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу маселеси талкууланарын белгиледи.
Өз кезегинде IT бизнестин өкүлдөрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашпай калууда.
"Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок. Бул санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. Мындан тышкары, ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду четтетүү керек", — деп айтышкан IT бизнестин өкүлдөрү.
Жыйынтыгында өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө убадасын берди.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.
Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.
Алмаз Акматов 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.