Кыргызстанга жарым млрд. долларлык автоунаа алып келинген. Статистика

© REUTERS / Mike Blake / File PhotoАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар 2016-жылы эң көп унаа ташып келгени белгилүү болду.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанга 1994-жылдан 2018-жылга чейин 543,3 миллион долларлык жеңил автоунаа алып келинген. Бул туурасында Улуттук статистика комитети маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Статком 1994-жылдан тарта импорттун агымын санай баштаган. Бардык сумма доллар менен эсептелип, маалыматтар 10 миллионго чейинки чек менен белгиленген.

1994-жылы өлкөгө автоунаалар эң аз санда алып келинип, баасы 2,9 миллион долларды түзгөн. Ал эми эң көп ташып келинген учур 2016-жылга туура келип, суммасы 90 миллион долларга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0