Акча каражаттары. Архив

Бир ай ичинде кыргызстандыктардын колундагы акча кескин көбөйдү

291
(жаңыланган 09:50 16.05.2019)
Адатта экономисттер каражаттын көбөйүшү баанын жогорулашын шарттайт деген божомолду айтып келишет.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Апрель айынын жыйынтыгы менен элдин колундагы акчанын көлөмү 2,6 миллиард сомго өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Мында кеп улуттук валюта тууралуу гана болууда, чет элдик валюта эсепке алынбайт.

1-апрелге карата кыргызстандыктардын колундагы каражаттын көлөмү 90 миллиард 14 миллион сомду түзсө, 1-майга карата 92 миллиард 621 миллион сом болду. Акча эмненин эсебинен көбөйүп жатканы айтылган жок.

291
Белгилер:
валюта, Улуттук банк, акча
Тема боюнча
Эл Улуттук банктан бир нече миңдеген алтын куймасын сатып алды
Бишкекте ачылган түнкү стационарда кызматкер дары-дармектер менен. Архив

Жээнбеков: Кыргызстанда дары-дармек өндүрүү жолдору каралууда

16
(жаңыланган 17:51 14.07.2020)
Мамлекет башчы өлкөдө дары-дармек тартыштыгын жаратпоо иштери өзгөчө көзөмөлдө болуп жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Учурда Кыргызстандын өзүнөн дары-дармек чыгаруунун жолдору каралууда. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте ачылган түнкү стационарга барганда билдирди.

Мамлекет башчы өлкөдө дары-дармек тартыштыгын жаратпоо өзгөчө көзөмөлдө турганын белгилеген.

"Ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жолдору караштырылып жатат. Өкмөткө дары-дармектерди сырттан ташып келүү чараларынан сырткары фармацевтикалык компанияларды дагы колдоо сунушталат", — деген Жээнбеков.

Боронов: Ирандан учак менен дары алып келебиз, бир-эки күндө тартыштык жоюлат.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов күндүзгү тогуз стационардан тышкары калаада дагы эки түнкү стационар ачылып жатканын маалымдаган. Ал жайга чет өлкөлөрдөн ыктыярдуу түрдө келген кыргыз медиктери тартылган.

Өкмөт: кычкылтек концентраторунун маселеси чечилди, саны жетиштүү

Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, күнү-түнү бейтаптарга жардам көрсөтүп жатышканы үчүн терең ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле кесиптик милдеттерин аткарууда ооруп калган дарыгерлерди Ысык-Көлдөгү дарылануучу жайларда реабилитациялоо маселеси каралып жатканын кошумчалады.

16
Белгилер:
стационар, медик, өндүрүүчү, дары-дармек, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов: эл издеп жаткан дарыларды катып жаткан эки кампа табылды
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева

Карабаева: мөөнөтү жылдырылган насыялар жалпы 74,5 млрд. сомду түздү

12
(жаңыланган 15:38 14.07.2020)
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банк системасы туруктуу иш алып барып, насыялар берилип жатканын айтты.
Карабаева: мөөнөтү жылдырылган насыялар жалпы 74,5 млрд. сомду түздү

10-июлга карата жалпы суммасы 74,5 миллиард сомдук насыянын мөөнөтү жылдырылган. Учурда эпидемиялык абал жакшырбагандыктан насыя алуучулар жеңилдиктерди алуу үчүн банктарга кайрылса болот. Бул тууралуу Аида Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, насыя берүү жыл башынан бери 1,2 пайызга жогорулаган.

Банктарга жана финансы уюмдарына жасалчу инспектордук текшерүү токтотулду.

"Кыргызстанда эпидемия экономикага кедергисин тийгизди. Мындан улам насыя алуучуларга жеңилдик берүү боюнча 18-мартта чечим кабыл алынган. Ага ылайык, насыяны өз убагында төлөй албай калгандарга туум, айыптар салынбайт. Ошондой эле үч айга чейин кредиттик каникул берүү сунушу берилген. Бирок белгиленген убакыт өттү. Ошого карабастан алган насыясын төлөй албагандардын төлөмүн жылдыруу багытында банктар менен иш алып барып жатабыз. 10-июлга карата статистика боюнча кредиттердин жалпы көлөмү 148 миллиард сомду түзсө, анын ичинен төлөө мөөнөтү жылдырылган кредиттердин жалпы көлөмү 74,5 миллиард сомго жетти. Булардын ичинен насыянын кээ бирине негизги суммасы, айрымдарына пайызы, дагы башкаларына экөө тең жылдырылып, ар бир жаранга индивидуалдуу мамиле жасалды", — деди Карабаева.

Ошондой эле ал насыя алуучуларга жеңилдиктер берилип жатканы менен аманаттардын дивиденддери төлөнө берерин кошумчалады.

12
Белгилер:
Аида Карабаева, жеңилдик, эпидемия, насыя, Улуттук банк
Тема боюнча
Беш айда Кыргызстандан чет жакка 163,7 млн. доллар которулду
АКШдагы баллистикалык ракетасы Minuteman III сыноолору. Архивдик сүрөт

"Акыр заманга кадам". АКШ СНВ-3 келишиминен чыккандан кийин эмне өзгөрөт

0
(жаңыланган 18:25 14.07.2020)
Россиянын тышкы иштери министри Сергей Лавров белгилегендей, Ак үй СНВ-3түн чабуул койчу стратегиялык куралынын санын азайтуу боюнча келишимди узартпоону чечкендей.

Бул эки өзөктүк державанын аскердик күчүн ооздуктап турган акыркы документ. Эл аралык коопсуздук системасынын бүлүнүшү жалпы дүйнөгө кандай зыян тийгизерин РИА Новости талдап көрдү. 

Кытайды кошуу

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ТИМ башчысы Сергей Лавров СНВ-3түн узартылбай калышынан улам ызы-чуу түшүүгө негиз жок экенин белгиледи. Анын айтымында, Россия өз коопсуздугун аталган документсиз эле коргоп алат. Ошентсе да бул макулдашуу өтө маанилүү болчу. СНВ-3 Россия менен АКШнын президенттери Дмитрий Медведев жана Барак Обама тарабынан 2010-жылдын 8-апрелинде түзүлгөн. Документ 2011-жылдын февралында күчүнө кирип, мөөнөтү 2021-жылы аяктамак.

"Посейдон" сыноодон өтүүдө: Батыш мүнөздөгөндөй "кыямат күндүн торпедасыбы"?

Макулдашууда Россия менен АКШнын арсеналындагы өзөктүк дүрмөттүн санын 1550 бирдикке, континенттер аралык баллистикалык ракеталардын, суу алдынан жүрчү кемелердин баллистикалык ракеталарынын, оор бомбардирлердин санын 700гө чейин кыскартуу каралган. СНВ-3 документине СНВ-1дин мөөнөтү бүткөндөн туура бир жыл соң кол коюлган. Алгач анын узартылышынан эч ким күмөн санабаса, Дональд Трамптын келиши менен кырдаал кескин өзгөрүп кетти.

СНВ-3түн мындан ары узартылышы үчүн америкалык лидер макулдашууга Кытайды кошуу шартын айтып отурат. КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин куралды көзөмөлдөө боюнча департаментинин директору Фу Цун мындай талап Кытай өзөктүк арсеналын АКШнын деңгээлине жеткиргенде же Вашингтон өзүнүкүн кыскартканда гана аткарылышы мүмкүн экенин белгиледи. Пекин башка варианттарды караган да жок, анткени алардын баарында стратегиялык потенциалдагы айырмачылыктар эске алынган эмес.

Москва Вашингтон коюп жаткан дагы бир шартка макул болбой жатат. Июлдун башында АКШ президентинин куралды көзөмөлдөө боюнча атайын өкүлү Маршал Биллингсли "Буревестник" ракеталарынын жана "Посейдон" дрондорунун долбоорун "коркунучтуу" деп атап, СНВ-3түн чектөөлөрүнө дал келбегендиктен аларды жабууну сунуштаган. Америкалыктар буга чейин деле Россия чыгарган жаңы куралдарды чектөөнү айтып келген.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

"Мунун баары АКШнын дүйнөлүк лидерликти сактап калууга өзөктүк шантаждан башка рычагы калбай баратканын айгинелейт. Экономикалык жактан айрым тармактар боюнча Кытайдан, аскердик технология боюнча Россиядан артта калууда. Ушундан улам жаңы ачылыштарды жасоодон баш тарттырышмакчы. Биз бул капкандан кыйгап өтүшүбүз керек", — деди аскер илимдеринин доктору Константин Сивков.

Солк этпеген позиция

Сергей Лавров Россия АКШдан макулдашуунун мөөнөтүн узартууну суранбай турганын айтты. Министр америкалыктар менен СНВ-3түн алкагында россиялык өндүрүштөн чыккан эки жаңы стратегиялык системанын санын азайтуу маселеси талкууланганын белгиледи. Мында кеп "Авангард" деп аталган гиперүндүү аскердик блоктор жана "Сармат" аталышындагы континеттер аралык баллистикалык ракеталар тууралуу жүрүүдө.

Россиялык "Циркон" Дүйнөлүк океандагы нукту өзгөртөт. Ага каршы курал жок

"Ал эми калган үч система (Буревестник, "Посейдон", "Циркон") СНВ-3түн бир да категориясына кирбейт. Бирок биз макулдашууда каралбаган куралды да талкуулоого даярбыз", — деди Лавров.

АКШ буга жооп кылып, сүйлөшүүгө шыр эле макул боло калбаса керек. Вашингтон "Же силер биздин айтканыбыз менен болосуңар, же биз макулдашуудан чыгабыз" деген талабын канчадан бери айтууда. Бирок Россиянын да, Кытайдын да улуттук кызыкчылыктан кечип Американын мындай шартына көнчү түрү жок. Адистердин айтымында, СНВ-3тү узартуу дээрлик мүмкүн болбой калды. Бул эл аралык коопсуздук системасы түп тамырынан бери өзгөрөт деген сөз.

Сандан сапатка карай

"Арсенал Отечества" журналынын редактору Виктор Мураховскийдин айтымында, аскердик тармакта эл аралык коопсуздук системасы дээрлик жок экенин моюнга алуу керек.

"Система СССР менен АКШнын, кийин Россия менен АКШнын макулдашуусунун негизинде кармалып турган. Бул ПРО, РСДМ, өзөктүк сыноого таюу боюнча документтер эле. Аларды америкалыктар ратификациялаган эмес. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча макулдашуу да АКШнын аракети менен жок болду. Кансыз согуштун курч кырдаалдарында кылдаттык менен негизделип түзүлгөн система Вашингтондун демилгеси менен кыйрады", — деди адис.

Эксперт азырынча иштеп жаткан СНВ-3төн тышкары Ракета технологияларын көзөмөлдөө режими боюнча макулдашуу гана калганын белгиледи. Бирок бул документти да америкалыктар өзүнө карап ыңгайлаштырып алууга аракет кылып жатат. Июнда "Рейтер" агенттиги аскердик өнөр жай комплексиндеги жана өлкө жетекчилигиндеги маалымат булагына таянып, Ак үй келишимдин жоболорун карап чыгууга даярданып жатканын жазган. Бул пилотсуз учуучу учактарын башка мамлекеттерге сатуу үчүн жасалмакчы. Мындай кадам бөлөк мамлекеттерге жагары күмөн.

Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал

"Баарын кайра башынан түзүп, курап чыгууга туура келет. Бул маселени талкуулоо үчүн биздин президент БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнүн жолугушуусун демилгеледи. Балким, чектөө болбосо да өзөктүк куралды көзөмөлдөө тууралуу бир пикирге келишээр. Бирок Вашингтондун саясаты менен позициясы бул ойдон да баш тартууга мажбурлап жатат", — деди Мураховский.

Эксперт эми Россия менен АКШ куралынын саны боюнча эмес, ушул тармакта мыктылыгын көрсөтүү үчүн катуу кармашат деп эсептейт.

0
Белгилер:
көзөмөл, өзөктүк курал, келишим, макулдашуу, Кытай, АКШ, Россия, курал
Тема боюнча
Антиторпеда: россиялык фрегаттардын өзгөчөлүгү