Жогорку Кеңештин имараты. Архивдик сүрөт

"КТ Мобайл" ишканасынын ишмердигин текшерчү депутаттардын тизмеси бекиди

281
(жаңыланган 13:19 17.05.2019)
Комиссиянын курамына ар бир фракциядан депутаттар кирди.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш "КТ Мобайл" ишканасынын ишмердигин текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүп, анын курамына кирген эл өкүлдөрүн бекитти.

Парламенттин кабыл алган токтомуна ылайык, депутаттык комиссия "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын ишмердигин бир ай текшерет.

Комиссияга кирген депутаттардын тизмеси:

  • КСДП фракциясынан Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков;
  • "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев;
  • "Кыргызстан" фракциясынан Алмаз Баатырбеков, Талайбек Масабиров;
  • "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Гүлшат Асылбаева;
  • "Бир Бол" фракциясынан Акылбек Жапаров;
  • "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "КТ-Мобайл" мамлекеттик компаниясынын башкы директору 350 миң сом, орун басары 300 миң, ал эми техникалык директору 290 миң сом айлык алары боюнча маалымат тараган. Кийин компаниянын жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, башкы директордун айлыгы анчалык көп эмес экенин төгүндөгөнгө аракет кылып, компаниядагы эң жогорку айлык 157 миң сом экенин билдирген. Ошол эле учурда мынчалык айлыкты ким аларын коммерциялык сыр деген жүйө менен айткан эмес.

Ал ортодо "КТ Мобайл" ишканасынын башкы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени аныкталып, премьер анын аталган ишканада иштеп жатканынан кабары жок экенин айткан

Коомдо болгон кызуу талкуудан кийин Эрназар Иманкадыр уулу кызматынан алынган.

281
Белгилер:
"КТ Мобайл" ЖЧКсы, комиссия, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
"КТ Мобайл" мамлекеттик компаниясындагылар канча айлык алат? Расмий жооп
Электр станциясы. Архив

Электр энергиясына коюлган жаңы тариф 1-июлдан тарта күчүнө кирет

309
(жаңыланган 16:18 26.05.2020)
Өкмөт 27-мартта 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ал документ 12-июнда күчүнө кирмек.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта электр энергиясына болгон жаңы баа иштей баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

Анын айтымында, 27-мартта өкмөт 2020-2023-жылдарга карата баа саясаты боюнча токтом кабыл алган. Ал документ 12-июнда күчүнө кирмек.

"Биз ал датаны июнь айынын башына жылдырууга укугубуз жок. Ал токтом 1-июлдан баштап иштейт. Эсеп-фактурасы бир айга чыгат. Эгер айды экиге бөлсөк, энергетика тармагында көйгөйлөр пайда болот. Ошондуктан жаңы тариф 1-июлдан тарта киргизилет", — деди Айдарова.

Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):

  • Балдар үйлөрү үчүн — 1,58 сом (азыркысы 2,24 сом);
  • Электр кубаты менен жүргөн транспорт заряд алчу жайлар — 1,58 сом (эгер мындай жайлар ачылып калса, алар троллейбустук ишканалардын тарифи менен төлөөрү каралган);
  • Майнинг-фермалар үчүн — 2,91 сом (бул категорияга өзүнчө тариф каралган эмес).

Башка тарифтер мурдагы бойдон калат.

309
Белгилер:
электр энергиясы, тариф, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров

Абакиров: мүлктү адалдоого багытталган мыйзам ишке ашпайт

26
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам туура эмес жол менен байыгандарга ылайыкташкан деген пикирин билдирди.
Абакиров: мүлктү адалдоого багытталган мыйзам ишке ашпайт

Өлкөдө көмүскө экономика тамырлашып кеткен. Мындан улам мыйзамсыз жол менен табылган байлыктарын легалдаштыруу боюнча жаңы кабыл алына турган мыйзам ишке ашпайт. Мындай пикирин Элдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жашыруун мүлктөрүн, капиталын ачыктоону каалагандар саналуу эле болот.

“Капиталды амнистиялоо же болбосо мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору ишке ашпайт. Анткени анын баарын көзөмөл кылган система жок. Эгерде “жакынкы күндөрү жалпы декларациялоо жүргүзүлөт. Анын алкагында экономика тармагы санариптештирилип, жарандардын бардыгы текшерилет” деген коркунуч турса, кандайдыр бир натыйжа бермек. Анда айрымдар жашыруун байлыгын адалдаштырууга умтулмак. Ал эми азыр эч кандай кооптоно турган жагдай байкалбайт. Мындан тышкары, өлкөдө көмүскө экономиканын үлүшү 40-50 пайызды түзөт. Буга бир нече объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Бир топ ишкана көмүскө иш алып барууда өзүн ыңгайлуу эле сезип жатат. Алардын кожоюндары коомчулукка капиталын ачыктоону каалабайт”, — деди Абакиров. 

Ошондой эле ал бул мыйзам иштеп кетүүсү үчүн Салык кодекси түшүнүктүү жана жеңил болушу керектигин кошумчалады.

26
Белгилер:
мыйзам, салык, декларация, Элдар Абакиров
Тема боюнча
Чиновниктер байлыгын ачыктаса, эски ишин кечирүү мыйзамы сунушталды. Чоо-жайы
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив

Прокуратура: Акаев аткарылган иштин жыйынтыгын өзүнө энчилеп алуу ниетинде

8
(жаңыланган 18:25 26.05.2020)
Башкы прокуратура Жанар Акаевдин  радио жыштыктарды калыбына келтирүүнүн мыйзамдуу иштерине эч кандай тиешеси жок деген билдирүү таратты.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы жасаган иштеринин жыйынтыгын өзүнө ыйгарып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеме эл өкүлүнүн берген маегине реакция кылган. Депутат 20-майда ЖКнын жалпы жыйынында "Скай Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коомуна 200 мегагерц радио жыштыкты берген Мамлекеттик байланыш агенттигинин буйруктары жокко чыгарылып, мамлекетке беш миллион сом төлөй тургандыгын билдирген.

"Жанар Акаевдин мындай билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Буга чейин кабарлангандай, Мамлекеттик байланыш агенттигинин, УКМКнын жогорку кызматтагы айрым адамдары жеке компания менен ич ара сүйлөшүп алып коррупцияга аралашкандыгы боюнча факты 2020-жылдын 7-апрелинде эле катталган", — деп жазылган мекеменин маалыматында.

Башкы прокуратура мыйзам бузууну жоюу сунушун 20-апрелде эле, башкача айтканда, депутат Жанар Акаевдин билдирүүсүнөн бир ай мурун киргизген. Жыйынтыгында радио жыштыктын технологиялык колдонушун өзгөртүү боюнча лицензияны кайра каттоого аракет кылынган мыйзамсыз буйруктар 24-апрелде жокко чыгарылган.

"Жанар Акаев жыштыкты мыйзамдуу кайтарып алуу, Мамлекеттик байланыш агенттигинин айрым мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгарууга эч тиешеси жок. Ал укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгын өзүнө энчилеп алгысы бар. Учурда тергөө мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын көлөмүн эсептеп, аны казынага кайтарып алуу аракеттерин көрүп жатат. Депутат Акаевди өзүнүн билдирүүлөрүндө так сүйлөп, коомчулукка туура маалымат берүүгө чакырабыз", — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү негизсиз деп жооп берген.

Эске сала кетсек, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган.

8
Белгилер:
Жанар Акаев, прокуратура, жыштык, Кыргызстан
Тема боюнча
БШК Масалиевди депутаттык мандатынан ажыратты
Финпол Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү мүлктү иликтеп чыкканын айтты