Материал акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясынын негизинде даярдалды. Анда район башчысынын өзүнө жана жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлк жазылган. Жакын туугандарына аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.
Жакыпбек Субакожоев Ат-Башы районун 2013-жылдан бери башкарып келет. Декларацияга таянсак, бул кишинин үрүп чыгар ити жок. Жада калса ит байлай турган короосу да жак. Муну менен ал эч кандай мал-мүлккө ээлик кылбайт же декларация толтурганды билбейт деп түшүнсө болот. Анткени ал документте өзү да, жакын туугандары да киреше-чыгашасынан башка эч нерсени көрсөткөн эмес. Үй-бүлөсү менен каякта жашап, кантип жан багып жатканы азырынча табышмак.
Семетей Черикбаев Ак-Талаа районуна аким болуп 2013-жылдын 4-июнунда дайындалган. Бир аз эс алгандан кийин 2018-жылдын февралында ошондогу премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Нарын районуна аким болду. Черикбаев бир жылда 582 миң сом иштеп тапкан. Opel Ascona үлгүсүндөгү унаа айдайт. Турак жайга, мал жандыктарына ээлик кылбайт. Жакын туугандарынын да үйү жок.
Адыл Сапаров Жумгал районун 2016-жылдын май айынан бери жетектеп келе жатат. Ал бир жылда 348 миң сом киреше чогулткан. Жылкылары, уйлары бар экени көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, бир короо кою бар, жалпы баасы 6,8 миллион сомду түзөт. Кызыгы ушунча мал-жанды кайсы жерде багып жатканы белгисиз. Анткени Сапаров бир да турак жайга ээ эмес экенин белгилеген. Ошол эле учурда жакын туугандарынын киреше булагы да, мүлкү да жок.
Нурлан Керимкулов Кочкор районун 2016-жылдын март айынан бери башкарып келүүдө. Жылдык кирешеси 338 миң сомду түзөт. Керимкулов дагы үйү жок акимдердин катарын толуктайт. Бирок өзүнүн эки, жакын туугандарынын эки автоунаасы бар. Жылдык кирешеси 338 миң сомго жетет. Бир үйүр жылкы багат, алардын баасы 2,2 миллион сомду түзөт. Башка малынын баасы 760 миң сом экенин көрсөткөн. Мындан сырткары, жакын туугандарынын да 750 миң сомдук жылкысы бар. Акимдин үй-бүлөсү үйү жок экенине карабай декларацияда 250 миң сомдук эмерек сатып алганы көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.
Мамлекеттик кызматкер декларацияда кайсы мүлктөрүн көрсөтүүгө тийиш:
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Баткен облусунун чек аралаш аймактарында мобилдүү топтор иштеп, аткезчиликке каршы күрөш күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
УКМК, чек ара, салык, милиция, бажы, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын, ӨКМдин облустук башкармалыгы жана аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгынын адистеринен түзүлгөн мобилдүү топтор аткезчилик тобокелчилиги жогору болгон аймактарда атайын мониторинг жүргүзүүдө.
"Кечээ, 2-мартта, мобилдүү топ Лейлек районунун чек арадагы Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка айылында, кыргыз-тажик чек арасынан өткөн Исфара — Худжанд жолунун боюнда жайгашкан (аталган жол Кыргызстандын аймагы аркылуу да өтөт) Кыргызстанга тийиштүү май куюучу жайларга (АЗС) кароо жүргүзүштү", — деп айтылат маалыматта.
Мобилдик топ май куюучу жайлардын ээлерине мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштебей турган жайлардын ээлерине мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болууну эскертишкен.
Белгилеп кетсек, эл арасында иштебей турган май куюучу жайлар кошуна мамлекеттерге аткезчилик жол менен күйүүчү май саткан учурлар жөнүндө такталбаган маалыматтар айтылып келет.
Аймактык салык кызматынын маалыматына ылайык, Исфара — Худжанд жолунун боюнда эле Кыргызстанга тийиштүү 26 май куюучу жай жайгашкан. Анын ичинен бүгүнкү күндө салык кызматы тарабынан мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасына (АСУ) туташкан 17 АЗС иштеп жатат.Ал эми калган 9 АЗС АСУ системасына туташпагандыктан салык кызматы тарабынан жабылган.
Лейлек районунда жалпы 73 май куюучу жай катталган. Учурда анын 42си АСУ системасына туташтырылып, иштеп жатат. 25 салык кызматы тарабынан жабылып, дагы алтоо ишке жараксыз экендиги аныкталган.
Белгилей кетсек, 1-мартта өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев облустун күч түзүмдөрү менен кеңешме өткөргөн. Анда аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмаларды коюп, мыйзамсыз иш-аракеттерге токтоосуз чара көрүү талабын айткан.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мониторинг жүргүзүү тууралуу атайын буйругу чыкты.
Дотациялык үрөндүн сапатына аны саткан инспекция кепилдик берет. Бул тууралуу Таалайбек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кардын жазга жетпей эриши дыйкандардын айдап-себүү иштерине эрте даярдануусуна түрткү болгон.
"Мындан тышкары, былтыр үрөндүн 30 пайызын дотациялоонун алкагында 2 миң 300 тонна үрөндү элге таратканбыз. Быйыл дагы 17 миллион сомго 1600 тонна үрөн даярдалып таратылууда. Быйыл керектелүүчү үрөндүн 20 пайызы былтыркы күздөгү түшүм. Башкача айтканда, сапаттуу үрөн дыйкандар аркылуу дагы таратылууда. Бул жерден үрөндүн сапаты боюнча суроо жаралышы ыктымал. Үрөн инспекциясынан сертификат алган үрөндүн түшүмүнө кепилдик берилет. Болгону анын тийиштүү документи болушу шарт. Ошондой учурда комиссия жиберилип, тийиштүү экспертиза жүргүзүлөт. Эгерде үрөндөн кемчилик болуп түшүм начар болуп калса, аны саткан инспекция жооп берет", — деди Айдаралиев.
Аткаминер дотациялоо боюнча долбоор 2-3 жыл ушундай темп менен көбөйсө, анда 3-4 жылда жалпы Кыргызстанды сапаттуу үрөн менен камсыздоого мүмкүн болорун кошумчалады.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.