Май куйуучу жай. Архив

Салык кызматы 270 май куюу жайын онлайн көзөмөлдөмөй болду

114
Кыргызстанда жалпысынан 925 май куюучу жай бар. Алардын ичинен 310 станция алты ири компанияга тиешелүү.

БИШКЕК, 22-май— Sputnik. Экономика министрлиги менен Мамлекеттик салык кызматы өлкөдөгү 270 май куюу жайын автоматташкан системага киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Экономика министрлигинин сайтында айтылат.

Бул система аркылуу мамлекеттик органдар күйүүчү майдын сатылышын онлайн режимде көзөмөлдөп турат. Мындай кадам өлкө аймагында күйүүчү майдын көмүскө сатылуусуна бөгөт коёру айтылды.

"Кыргызстанда жалпысынан 925 май куюучу жай бар. Алардын ичинен 310 станция алты ири компанияга тиешелүү. Бүгүнкү күндө булардын 270и автоматташкан системага кошулууга даяр. Бирок калган 655и кароосуз калбайт. Тескерисинче, 270 станциядан колу бошогон салык кызматкерлери калгандарын тыкыр көзөмөлгө алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик мамлекеттик эсептен тышкары көмүскө жол менен жүргүзүлүп жаткан кара май бизнесин ооздуктоонун башка дагы жолдорун иштеп жатканын кошумчалады.

114
Белгилер:
көзөмөл, салык, бизнес, Күйүүчү май, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектеги эң көп салык төлөгөн 20 кафе менен ресторан. Тизме
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Венгрияга барат. Эки өлкөнүн соода-сатык алакасы кандай

36
(жаңыланган 17:13 28.09.2020)
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков эртең Венгрияга расмий сапары менен барат. Sputnik редакциясы кыргыз-венгер соода-экономикалык алакасы боюнча маалымат топтоду.

28-сентябрь күнү Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти менен жолугуу үчүн Сочиге кетти. Андан соң эки күндүк (28-29) иш сапары менен Венгрияга жөнөйт.

Жээнбеков Венгриядагы сапарынан эмнени күтөт

Мамлекет башчы сапар жемиштүү болот деп үмүт артууда. Мисалы, Будапешттин скверлеринин бирине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилгени жатат. Мындан сырткары, кыргызстандык студенттерге квотанын саны эки эсе көбөйөт.

Экономикалык пландар төмөнкүчө:

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү үчүн Венгриянын "Эксимбанкы" 50 миллион евро бөлгөнү жатат. Бул каражат чакан жана орто бизнес үчүн төмөнкү пайыз менен насыя берүүгө жумшалат;

Сапардын алкагында эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт. Анда кыргызстандык бизнесмендерди Венгриянын рыногуна чыгаруу мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Sputnik кыргыз-венгер соода-экономикалык мамилелерин билип көрдү.

Будапешт шаарындагы скверге Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Соода – эсеп Венгриянын пайдасына 57:1

Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын жети айында Венгриядан 314,5 миллион сомго (4,2 миллион доллар) товар кирген. Ал эми экспорт болгону 5 миллион 547,2 миң сомду (дээрлик 79 миң доллар) түздү.

Европалык мамлекет КРге бир нече продукциянын түрүн саткан (баалар сом менен көрсөтүлдү):

  • Дары-дармек (32,9 тонна) – 214,5 миллиондон ашык;
  • Жүгөрү (201 тонна) – 48 миллион;
  • Центрифуга (үч даана) – 12,8 миллиондон ашык;
  • Азык-түлүк, шоколад, жашылча (15 тоннадан көп) – 12,2 миллиондон ашык;
  • Терапевттик жана профилактикалык же диагностикалык максатта колдонуу үчүн адамдын жана малдын каны – 7,5 миллион;
  • Насос (10 даана) – дээрлик 7 миллион;
  • Пластмасса жана андан жасалган буюмдар – 5 миллиондон ашык.

Мындан сырткары, Венгриядан башка дагы товарлар кирген. Анын ичинде 10,8 миң лампа (65 миң сом), жада калса бир чаң соргуч (3,3 миң сом) дагы бар.

Жээнбеков Россияга иш сапар менен учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

Кыргызстан экспорттогон товарлар:

  • Зоология, ботаника, минералогия, тарых, археология, палеонтология, этнография жана нумизматика боюнча коллекциялык буюмдар – 1,9 миллион сом;
  • Дары-дармек (0,3 тонна) – 1 миллион 570,9 миң;
  • Телефон аппараттары (59 даана) – 1 миллион 72 миң;
  • Мунай жана мунай азыктары (14 тонна) – 846 миң;
  • Эттен жасалган даяр же консерваланган азыктар (2,3 тонна) – 160 миң сом.

Венгриядан келген инвестиция

Улуттук статистика комитетинин сайтында 1995-жылдан 2019-жылга чейинки түз инвестициялар тууралуу жазылган. Бул жылдар аралыгында Венгриядан дээрлик 21,5 миллион доллар келген. Инвестициянын көпчүлүк бөлүгү 2007-2008-жылдарга туура келет, мында көрсөткүч 21 миллион долларды түзгөн.

36
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, экономика, соода, инвестициялар, Кыргызстан, Венгрия
Тема боюнча
75 бюджеттик орун бар. Венгриянын ЖОЖдорунда окуу үчүн сынак жарыяланды
Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди
Киши АКШ долларларды эсептеп турат. Архив

Сомдун куну түшүп жатканына байланыштуу Улуттук банк 19,6 млн. доллар сатты

74
(жаңыланган 11:10 28.09.2020)
Сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруу үчүн Улуттук банк сентябрда ушуну менен үчүнчү жолу интервенция жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Улуттук банк жума күнү, 25-сентябрда, рынокко 19 миллион 650 миң доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы банкынын сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, сентябрь айынын башынан бери АКШ валютасынын курсу тынымсыз өсүүдө. Бул аралыкта 1,43-1,44 сомго кымбаттады. Учурда акча алмаштыруучу жайларда долларды 79,44 сомдон сатып алып, 79,80ден сатууда.

КРдин алтын кору бир айда 16 миллиард сомго кымбаттады

Улуттук банк сентябрь айынан бери ушуну менен үчүнчү ирет интервенция жүргүзүүдө.

  • 9-сентябрда 6,6 миллион доллар сатып, эртеси америка валютасынын куну бир аз түшкөн;
  • 23-сентябрда 11,2 миллион долларды сатыкка чыгарган, бирок ага карабай валюта кымбаттай берди;
  • 25-сентябрда 19 миллион 650 миң доллар сатылды. Бүгүн, 28-сентябрда, курс жума күнкүдөн өзгөргөн жок.

Жыйынтыгында бир айда өлкөнүн башкы банкы 37 миллион 450 миң доллар сатты.

74
Белгилер:
интервенция, доллар, курс, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп
Карабахтагы Мартуни шаары чырдан кийинки абалы

Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды

50
(жаңыланган 20:00 28.09.2020)
27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Бүгүн жүздөгөн аскерлердин көз жумганы айтылды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган Карабахтагы кагылышуу боюнча пикирин айтып жатып, Армения Азербайжандын жерин оккупациялоо аракетин токтотушу керек деген оюн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Армения баскынчылыгын токтотушу зарыл, антпесе ал жерде өз билгенин кыла берет. Талашта турган аймак Азербайжанга караштуу экенин баары билет”, — деди Эрдоган.

Ошондой эле Түркия лидери Карабах көйгөйүн Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында 30 жылдан бери чече албай жатат деп айыптады.

Ал эми РФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко дүйнөдөгү башка күчтөрдү Карабахтагы конфликтиге кийлигишпөөгө чакырды

“Болуп жаткан тирешке башка тараптардын кийлигишпөөсүн суранат элек. Андан көрө курал колдонууну токтотуп, маселени ЕККУнун Минск кеңешмесинин алкагында чечүүгө үндөйлү”, — деди Матвиенко.

Бул учурда Армения менен Азербайжандын ЖМКлары эки тараптан жасалган чабуулдарды чагылдырып, сүрөт, видеолорду байма-бай жарыялап жатышат.

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения кечээ өз аймагында аскердик абал жарыялаган. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыккан. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылган.

Баку менен Ереван Карабахтагы кагылышууда жүздөгөн аскер каза болгонун билдирди

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

50
Белгилер:
пикир, кагылышуу, Азербайжан, Түркия, Армения
Тема боюнча
Путин менен Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулашты
Азербайжан менен Армения Карабах боюнча кепке келүүгө даярдыгын билдиришти
Карабах боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталышы мүмкүн