Бензин куюу. Архивдик сүрөт

Кыргызстанга Казакстандан бензин ташылбай калышы мүмкүн. Нефтетрейдерлер эмне дейт

218
(жаңыланган 14:39 22.05.2019)
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Казакстан менен түзүлгөн келишимге тезирээк кол коюу керек экенин айтууда.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстанга Казакстандан бензин ташылбай калышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Ал Россия күйүүчү-майлоочу май ташыган башкы жана жападан жалгыз булак бойдон каларын эске салды. Буга бажы салыгынан бошотулушу себеп болгон.

Ассоциация бажы салыгынан үнөмдөлгөн акчанын суммасы 2018-жылы 40,1 миллион доллар, ал эми үстүбүздөгү жылдын төрт айынын ичинде 11,9 миллион долларды түзгөнүн маалымдады.

Нефтетрейдерлер Казакстандан бензиндин ташылышын жолго коюу туура болмок деп эсептейт. Аталган өлкөнүн нефтини кайра иштетүүчү заводдорунда өткөн жылдын жай мезгилинен тарта экспортко делген майдын ашыкча запасы топтолуп калганы белгиленди.

Эшматовдун айтымында, буга карабастан Казакстан менен бажы салыгысыз бензин ташуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек.

"ЕАЭБге киргендиктен Кыргызстан Казакстандын бензини кире турган өлкөлөрдүн сап башында эле. Бирок биздин өкмөт менен болгон сүйлөшүүлөр созулуп кеткендиктен казак тарап нефть продуктуларын ЕАЭБден тыш — Өзбекстан, Афганистан, Тажикстан жана башка өлкөлөргө ташуу маселесин жөнгө салып койду. Мындан улам Кыргызстанга Казакстандан май ташылбай калуу кооптуулугу жаралды", — деди Эшатов.

Анын айтымында, Кыргызстандын рыногуна Казакстандан эсепке алынбай келген май көп кирет.

Эксперттердин баамында, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын көмүскө айлануусу 2018-жылы 25 пайыздын тегерегинде. Демек, майдын ар бир төртүнчү литри мамлекеттик бюджетке төлөнчү салыктан кыйгап өтөт.

Эшатов май ташыгандар салыктан кассалык чек жаздырбай, ошондой эле бензинди салык төлөө талап кылынбаган товар катары алып өтүү жолдору менен салык төлөбөй жатышканын белгиледи. Ал эми майды мыйзамсыз ташып саткандар мамлекеттик бюджетке бир литр үчүн 3,2 сом гана төлөйт, ал эми жоопкерчиликтүү ташуучулар бир литрден 7 сом казынага салык төлөп келет.

Ассоциациянын маалыматы боюнча акциз жана кошумча нарк салыгынан түшпөй калган каражаттын көлөмү 3 миллиард сомдон ашат.

Көйгөйдү чечүү жолу

Биринчиси — өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарып, Казакстандан Кыргызстанга бажы салыгысыз май ташуу боюнча келишимге кол коюу. Расмий экспорттун ачыкка чыгышы көмүскө импортту мыйзамдуу жолго коет. Мында сүйлөшүүлөрдөгү айрым талаптардан баш тартуу кажет. Буга Казакстандын нефтисинен алынган мунай продуктуларын реэкспорттоо маселеси кирет.

Экинчи сунуш салыктарды башкаруу системасын кескин өзгөртүүгө багытталмакчы. Бул үчүн бардык май куюучу жайлардагы продукцияны эсептөө жана көзөмөлдөөнү автоматташтыруу керек. Муну менен бирге сатуу боюнча бардык маалыматтар салык кызматынын серверине онлайн түшүшү зарыл.

Мындан тышкары, сапатсыз продукциянын ташылуусунун алдын алып, өлкө аймагына киргизилген мунай заттарынын маркировкаланышы шарт. Мамлекеттик лотерея оюнун өткөрүү кажет, бул кардарлардын чекти талап кылуусуна өбөлгө болмокчу.

Эшатов айтылган сунуштардын баары эл аралык тажрыйбага жана күйүүчү-майлоочу майдын көмүскө сатылышына каршы ыкмаларга негизделгенин кошумчалады.

218
Белгилер:
рынок, бажы, салык, мыйзам, күйүүчү-майлоочу каражат, бензин
Тема боюнча
Кыргызстанга жарым млрд. долларлык автоунаа алып келинген. Статистика
Унаага бензин куюп жаткан адам. Архив

Бишкекте аткезчилик менен алып келинген бензинди сатуу эмнеге токтобойт? Жооп

89
Бишкек шаарынын чет-жакасында бензинди күйүүчү май саткан атайын жайларда эмес, ар кайсы жерлерде желим идиштерге куюп саткан учурлар кездешет.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Аткезчилик менен алып келинген күйүүчү майды Бишкек шаарынын тегерек-четинде сатууга эмнеге бөгөт коюлбайт. Бул суроо менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматтын төрагасынын (Финпол) орун басары Сагынбек Абдылдаевге кайрылды.

Аткаминер бүгүн парламентке "Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү" боюнча мыйзам долбоору тууралуу суроолорго жооп берүүгө келген.

"Биз күн сайын күйүүчү майды мыйзамсыз соодалагандар боюнча фактыларды аныктап жатабыз. Бирок товарды алуу жана кандай чара көрүү чечимин сот кабыл алат. Бул боюнча айып пулду жогорулатуу боюнча сунуш кылганбыз. Анткени аларга айып салынат, бирок эртеси күнү эле башка жакка туруп сата беришет", — деди Абдылдаев.

Депутат ошондой эле алардан тартып алынган күйүүчү майдын андан аркы тагдырына кызыкты. Финансы полициясынын орун басарынын айтымында, товарды сот аткаруучулар соттун чечими менен сатышат.

89
Белгилер:
аткезчилик, Күйүүчү май, Дастан Бекешев, Бишкек
Тема боюнча
Тажикстанга 3,4 млн. сомдук дары, арак алып бараткан кыргызстандык кармалды
Алма сатуу. Архивдик сүрөт

Шерипов: көлдүктөр жаңгакка кызыкдар эмес, алма-өрүккө көнүп алышкан

66
(жаңыланган 16:19 03.06.2020)
Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жаңгак бышат, бирок көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Мындай пикирин парламентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди. 

Заместитель директора Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Элдияр Шерипов на заседании Жогорку Кенеша. 3 июня 2020 года
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов

Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

Депутат Абдыбек Дүйшалиев биосфералык аймак болуп эсептелген Ысык-Көлдө бош жер көп экенин айтып, бул жерде жаңгак бышар-бышпасына кызыкты.

"Көлдө жаңгак бышат жана сапатын жоготпойт. Бирок жергиликтүү эл алма жана өрүк өстүрүп, багбанчылыктын бул түрүн жакшы өздөштүргөн. Бул жемиштер коңшу Казакстанга көп сатылып, жакшы баа болуп берет. Ошол себептен көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Алар өзгөрүүнү каалабайт", — деди Шерипов.

Ошондой эле ал чындап эле көл аймагында бош жерлер көп экенин айтып, аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасында иштетүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

66
Белгилер:
түшүм, алма, жаңгак, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Адис: быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти
Ат-Башыдагы мал базарга башка облус, район соодагерлери киргизилбей турган болду

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын. Айдоочулардын көйгөйүн баяндаган видеорепортаж

0
Кыргыз-казак чек арасы. Бишкек — Торугарт жолу менен калаадан чыгып баратканда жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги алыстан көзгө даана көрүнөт. Кезек күткөн айдоочулардын көбү Казакстандан Кыргызстанга товар алып келип, кайра кете албай калгандар.

Казакстанга кирүү май айынын аягынан тарта кыйындай баштаган. Акыркы үч күн ичинде коңшу мамлекетке саналуу эле айдоочу кирген. Бирок 3-июндан тарта кыймыл бир аз жанданып, жүк ташыгандар чекесинен өтө баштаган.

Баарынан да тез бузулуп кетчү азыктарды ташыган айдоочулар санааркап жатышат. Жашылча-жемиштери чирип кетпеш үчүн күнү-түнү автоунаанын муздаткычтарын өчүрбөй жаткандыктарын айтышты.

"Россияга 22 тонна сабиз алып бара жаткам, тыгында турганыма үч сутка болду. Күн болсо кайнап, көчөдө 35 градус ысык. Көлөкө жок, талаада 40 градус ысыктай эле сезилип атат. Кондиционер жок болсо сабиз биринчи күнү эле чирип кетмек. Жашылча соолубай турсун деп муздаткыч иштеттим. Ага эле май сатып алганга алты миң сомдой чыгым болдум. Бул чыгымды эч ким төлөп бербейт. Эгер соолуган сабиз алып барсам, анда мага акча да төлөп беришпейт", — деди айдоочулардын бири Умар Ханмончи.

Ысыктын күнү кезек күтүп Умарга окшоп тургандар жүздөп саналат. Алардын баары өз акчасына күйүүчү май алып, кайсы маалда өткөрүп жиберет деп уйку бетин көрбөй кезегин күтүп турган чактары.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, азыркы тапта "Ак-Тилек" жана "Чон-Капка" өткөрмө пункттары гана иштеп жатат. Жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине ушул да себеп болушу ыктымал.

"Автоунаалар дезинфекциядан өтүп, айдоочулардан коронавируска анализ алып жатышат. Муну да эске алыш керек. Кыргыз тарап автоунааларды тез өткөрүү үчүн болгон күчүн жумшап жатканын баса белгилеп кетели", — дешти чек ара кызматынан.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Темирбек Шабданалиев буга пандемиянын деле тиешеси жок деп эсептейт.

"Бул көйгөйгө үч жыл болду. Коронавирус Кыргызстан, Казакстанда пайда болгонго чейин эле айдоочулар чек арадан өтө албай 4-5 күндөп турушчу. Баарынан да үч суткалап тургандарга жаман болду. Дагы жакшы аларга жакын жашаган аймактагылар бекер тамак-аш алып келип берип жатышат", — деди Шабданалиев.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолукканын айтып, алардын көйгөйүн укканын билдиришти.

"Жүк ташуучулардын ассоциация өкүлдөрү менен вице-премьер Эркин Асрандиев жолугат. Мындан тышкары казак тарап менен дагы сүйлөшүүлөр жүрөт. Ал жактан чечим кабыл алынгандан кийин гана жыйынтыгын билдире алабыз", — дешти маалымат кызматынан.

Экономика министрлигинин маалымат катчысы эксперттер көйгөйдү чечүү жолун издеп жаткандыктарын кошумчалады.

0
Белгилер:
жүк, айдоочу, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстанга өткөрчү "Акжол" бекетинде ремонт качан бүтөрү айтылды