Акча. Архивдик сүрөт

2019-жылдын январь-мартындагы орточо айлык эмгек акы. Сандар

176
Эмгек акынын эң жогорку өлчөмү Бишкек шаары менен Нарын облусунда кездешкен.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 2019-жылдын январь-мартында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 15 716 сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 4,1 пайызга көбөйдү. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлашты.

Маалыматта Улуттук банк аныктаган валюталардын расмий курсунун натыйжасында быйылкы жылдын январь-мартында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 225,2 долларды түздү.

Эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын бардык региондорундагы ишканаларда жана уюмдарда болгон.

Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин олуттуу жогорулашы Талас (8,6 пайыз) жана Жалал-Абад облустарынын (4,4 пайыз), ошондой эле Ош шаарынын (5,2 пайыз) ишканаларында жана уюмдарында байкалган.

Эмгек акынын эң жогорку өлчөмү Бишкек шаары (20 403 сом), Нарын (15 346 сом), Чүй (14 476 сом) жана Жалал-Абад облустарынын (14 339 сом) кызматкерлеринде катталган.

176
Белгилер:
айлык-акы, Улуттук статистика комитети
Тема боюнча
Көчөдө жашайбы? Чүйдүн итке минген жана эң бай акимдеринин тизмеси
Миллиондор айланган бизнес түптөдүм. Сейрек кесип ээси Бактыгүлдүн ийгилиги