Курулуш иштери. Архив

Зарыктырган 6 пайыз... Мамлекеттик ипотеканын үстөгү качан төмөндөйт

168
(жаңыланган 16:07 04.06.2019)
Мамлекеттик ипотеканы алты пайызга чейин төмөндөтүү талабын президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылы койгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020" программасынын алкагында берилген ипотеканын пайыздык үстөгүн ушул жылдын аягына чейин алты пайызга төмөндөтүү пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын (МИК) жетекчиси Бактыбек Шамкеев билдирди.

"Бул кадамды өнөктөш банктардын жардамы менен ишке ашырууну пландап жатабыз. Ал эми каражат бюджеттик ссудалардан жана МИКтин өз капиталынан алынат", — деди ал.

Мамлекеттик ипотеканы алты пайызга чейин төмөндөтүү талабын президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылдын январь айында койгон. Мындан тышкары, өткөн айда бул тууралуу өкмөттө дагы сөз болгон.

Баса, 29-апрель күнү МИКтин директорлор кеңеши башкармалыктын 2018-жылга карата отчётун кабыл албай койгон.

"Алар отчётту кайрадан карап чыгып, айрым жагдайларды тактоо керек деп чечкендиктен, баа бере алышкан эмес", — деп түшүндүрдү Шамкеев.

Эске салсак, акыркы жолу өкмөт "Жеткиликтүү турак-жай — 2015-2020" программасын улантуу үчүн компанияга 500 000 000 (беш жүз миллион) сом бөлгөн.

Ипотекалык программа ишке киргенден тартып өкмөт аны каржылоого 4,8 миллиард сомдон ашуун каражат караган. Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр бул мезгилде 12-14 пайыздан 7-9 пайызга чейин төмөндөгөн.

168
Белгилер:
пайыз, Мамлекеттик ипотекалык компания, Бактыбек Шамкеев
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (56)
Тема боюнча
Пайызды азайтып, 30 млн. евро алуу. Жээнбеков ипотека маселесин талкуулады
Өкмөт ипотекалык программаны каржылоого 500 млн. сом бөлдү