Өкмөт: Кара-Кече баштаган бир нече кенди сынакка коюу пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековУгольное месторождение Кара-Кече
Угольное месторождение Кара-Кече  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоо-кен тармагында 18 миңден ашуун адам иштейт.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша, Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу келечектүү кен жайларын сынакка коюу пландалууда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөттө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөргөн.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов ведомствонун учурдагы ишмердүүлүгү жана өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат берген.

"2018-жылдын жыйынтыгы боюнча сынактардын жана аукциондордун жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшүүлөр 10 миллиард 687 миллион сомдон ашуунду түзгөн, тармакта 18 миңден ашуун адам иштейт", — деген Осмонбетов.

Ал өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 5,4 пайызга өскөндүгүн кошумчалап, быйыл Сүлүктү, Кадамжай, Кара-Кече, Туюк-Каргаша, Тоголок, Ноокат, Жетим сыяктуу келечектүү кен жайларын сынакка коюу пландалып жатканын белгиледи.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен иштетүүгө сынактарды өткөрүүнүн шарттарын сапаттуу иштеп чыгуу иштерин баштоону тапшырды.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял заместителя председателя правительства РФ Константина Чуйченко - Sputnik Кыргызстан
Президент Жээнбеков урандын казылар-казылбасы боюнча үн катты
"Кен жайгашкан аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн курамдык бөлүгү катары тармактык эмес өндүрүштөрдү түзүү боюнча талаптарды сынактын шарттарына киргизүү маселесин изилдеп чыгуу зарыл. Мындан тышкары, Жер-Үй, Кичи-Чаарат жана Шамбесай өңдүү келечектүү кендерди ишке киргизүү маселесине олуттуу мамиле кылып, бул участоктордо ишти ийгиликтүү баштоо үчүн зарыл иш-чараларды аткаруу керек. Кен иштетүүгө рационалдуу жана системалуу мамиле кылуу бюджеттин жеңилдетилген насыялар менен эл аралык уюмдардын жана айрым өлкөлөрдүн гранттарынан көз карандылыгын азайтуу мүмкүнчүлүгүн берет", — деди Абылгазиев.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир катар кендерди ишке киргизүү процессин тездетүүнү, инвесторлорго көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жана четтетүү боюнча иштешүүнү тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0