"Коопсуз шаардын" айыптарынан канча сом чогулду. Расмий жооп

© Sputnik / Эмиль СадыровПроект "Безопасный город" в Бишкеке
Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББ 4-марттан 6-июнга чейинки статистикалык маалыматтарды жарыялады. Анда салынган айыптардын жарымына жетпегени гана төлөнгөн.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден баштап 100 миллион 94 миң сом айып төлөнгөн. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

ЖКККББ 4-марттан 6-июнга чейинки статистикалык маалыматтарды жарыялады.

"Жалпысынан жол эрежелерин бузуу боюнча 159 035 токтом токулуп, 69 175 (43,5 пайыз) эреже бузуу боюнча айып төлөнгөн. Анын жалпы суммасы 100 миллион 94 миң сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ айдоочуларды жол эрежесин бузбоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0