Коон. Архив

Кыргызстан быйыл Кытайга кокон гилас, коон жана ун экспорттоону пландап жатат

140
(жаңыланган 10:10 13.06.2019)
Кытайлык ишкерлер Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрүнүн табигый жактан сапаттуулугуна кызыгууда.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кытай ишкерлери Кыргызстанга агропарктарды курууга кызыкдар. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, министр Эркинбек Чодуев кечээ, 12-июнда, "Хара Кытай" эл аралык компаниясынын өкүлү Гао Цзюнь менен жолуккан. Анын алкагында Кыргызстандан Кытайга азык-түлүктөрдү экспорттоо, импорттоо жана узак убакытка сактоочу чоң көлөмдөгү муздаткыч, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу тууралуу талкууланган.

"Быйыл Кытайга кокон гилас, коон жана ун сатууга келишим түзүп жатабыз. Мындан ары мөмө-жемиштерден өрүк, жүзүм жана төө буурчак, ошондой эле кургатылган сүттү экспорттоо пландалууда", — деп айткан Чодуев.

Кытай тарап Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын табигый жактан тазалыгына кызыгууда. Алдыда алма, кара өрүк, жүгөрү, кумшекер жана башка азык-түлүктөрдү да сатуу пландалып жатканы белгиленди.

140
Белгилер:
Эркинбек Чодуев, ишкер, экспорт, айыл чарба, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
8 млн. доллар! Өзбекстанда картошка үрөнүн өстүрүү боюнча лаборатория ачылат
Министр болчу Чодуев картошка көйгөйүн кантип чечерин айтты
Коңшулар ири аэропорт куруп, жаңы автоунаа чыгарганы жатат. Кыргызстанчы?