Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө азык-түлүк сатып алууга даяр

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылы эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард долларга жеткен. Бирок мунун басымдуу бөлүгү Кытайдан импорттолгон товарлар.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кытай Кыргызстандан ири көлөмдө экологиялык таза азык-түлүктөрдү сатып алууга даяр. Бул тууралуу Кытай лидери Си Цзиньпин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккканда айтты. 

Эске салсак, ушул тапта Кытай президенти Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт.

"Кытай коңшу өлкөдөн сапаттуу айыл чарба азыктарын импорттогусу келет", — деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болуп эсептелет. 2018-жылы эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард долларга жеткен. Бирок мунун басымдуу бөлүгү Кытайдан импорттолгон товарлар.

Жаңылыктар түрмөгү
0