Кыргызстандын Кытай менен экономика жаатындагы алакасы кандай болору айтылды

Жазылуу
Кытай 2018-жылы өлкөгө 100 миллион долларлык инвестиция жасаган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында экономика жаатында кандай пландар талкууланганын билдирди.

"Экономика тармагына түз инвестиция тартуу боюнча биргелешкен фонд түзүү, Бишкек жана Ош шаарларына жол куруу маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанга көп тармактуу агро өнөр жай паркын куруу боюнча да сөз болду", — деди Жээнбеков жолугушуудан кийинки брифингде.

Мындан сырткары, Кыргызстанды санариптештирүү темасы көтөрүлгөнү айтылды. Кытай 2018-жылы өлкөгө 100 миллион долларлык инвестиция кылган.

Эске салсак, Си Цзиньпин Бишкекке 12-июнь күнү мамлекеттик сапары менен келген. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине дагы катышмакчы. Эки тараптуу жолугушуулардын алкагында маанилүү делген 20 документке кол коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0