7 млрд. долларлык келишимдер. Кыргыз-кытай бизнес-форумунда кол коюлган документтер

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный визит председателя КНР Си Цзиньпиня в Кыргызстан
Государственный визит председателя КНР Си Цзиньпиня в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү тууралуу макулдашуулар түзүлдү.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. "Кыргызстан — Кытай" бизнес-форумунун жыйынтыгы менен 7 миллиард доллардан ашуун суммага бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 13-июнда, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү тууралуу макулдашуулар болду.

Кол коюлган документтер:

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин (ИИКА), FTZCOC Борбор Азия логистикалык борборунун жана "Искра Азии" ААКсы ортосунда "Искра Азия" эркин соода кызматташтыгынын кыргыз-кытай өндүрүштүк паркын илгерилетүү жана модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим;

— ИИКА, "Ассоциация АЮ Холдинг" юридикалык жактардын бирикмеси жана "Чанъань" ЖЧКсы ортосунда стратегиялык кызматташуу жөнүндө келишим;

— КР ИИКА, Daren Group, Lingbao Gold Group жана Full Gold Mining ЖЧКсы ортосунда Кыргыз Республикасында баалуу металлдардын ортоазиялык биржасын түзүү жана "Бир жол – бир алкак" өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим;

Президент КР Соооронбай Жээнбеков на встрече с председателем КНР Си Цзиньпином в государственной резиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Си Цзиньпинди "Манас" ордени менен сыйлады
— КР ИИКА, Daren Group, Lingbao Gold Group жана Full Gold Mining ЖЧКсы ортосунда экологиялык циркуляцияны комплекстүү колдонуу менен алтынды кайра иштетүү заводун куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу келишим;

— КР ИИКА жана "Чжунъюань" эл аралык соода корпорациясы" ЖЧК ортосунда Борбор Азия соода биржасын жана блокчейн биржасын түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу келишим;

— Заманбап кыргыз-кытай агрардык өндүрүш комплексин куруу жөнүндө эл аралык техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча КР ИИКА жана Цзянсу провинциясынын Кытай компаниялар тобунун ортосунда кызматташтык тууралуу рамкалык келишим;

— КР ИИКА жана Beijing Enterprises Group Company Limited ортосундагы КРда суу менен камсыздоо, канализация жана санитария чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

— КР ИИКА жана "Мега инвест өнөр жай компаниясы" ЖЧКсы ортосундагы КРде алтын, күмүш, жез жана сурьма ээритүүчү полиметаллдык заводдун курулушу жөнүндө меморандум;

— КР ИИКА жана "Люсин Групп" компаниясынын ортосунда "Спутник шаар" турак жай комплексин куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;

— КР ИИКА жана "Токмок мунай кайра иштетүүчү завод" ЖЧКсы ортосунда Токмок мунай кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу келишим;

— КР ИИКА жана "РУ И" соода-өндүрүштүк логистиканын агрардык өнөр жай борбору" ЖЧКсы ортосунда агрардык өнөр жай комплексин куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;

— КР ИИКА жана Гуандун провинциясынын курулуш материалдары ассоциациясы ортосунда Борбор Азия кантон жарманкесин уюштуруу тууралуу келишим;

— КР ИИКА жана "Биримдик" ЖЧКсы ортосунда кыш заводун куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;

— КР ИИКА жана China Cultural Industry Investment Fund компаниясынын ортосунда "Кытай-Кыргыз эки жактуу кооперативдик инвестициялык фондун" түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;

— КР ИИКА жана "Гансу синмай хуанджин лтд" ортосунда тоо-кен иштетүү тармагында кызматташуу тууралуу меморандум;

— КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана "Бай-Доу-Цзя" Хебей жер семирткич ЖЧКсы ортосунда кыргыз-кытай заманбап айыл чарба өндүрүшүнүн демонстрациялык паркын куруу жөнүндө меморандум;

— КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана "Централ Эйджа Интернейшнл Девелопмент Компани" ЖЧКсы ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана "Шенгда Хуатай" Пекин илимий айыл чарба компаниясынын ортосунда "Айкын Сейил" соода-логистикалык борборун түзүү жөнүндө меморандум;

— КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Weidong Cloud Education Group ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Президент КР Соооронбай Жээнбеков на встрече с председателем КНР Си Цзиньпином - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Кытай убадалаган 600 млн. юанды Си Цзиньпиндин эсине салды
— "ДОМА-АТА" ЖЧКсы жана CHINA CEC ENGINEERING CORPORATION ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;

— "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсы жана One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын ортосунда кыргыз-кытай камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө келишим;

— Нур Строй Монтаж ЖЧК жана "Синьболун" ЖЧК ортосунда көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу жөнүндө көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушун каржылоо келишими;

— "Нур Строй Монтаж" ЖЧКсы жана One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө келишим;

— КР ИИКА, "Кыргыз Унаа Курулуш" ЖЧКсы жана Dongfeng Automobile CO LTD компаниясынын ортосунда электромобилдерди чогултуучу заводду куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;

Жаңылыктар түрмөгү
0