Мирзиёев: бизде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга бардык шарт бар

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЛетняя ремонтно-путевая кампания на Дальневосточной железной дороге
Летняя ремонтно-путевая кампания на Дальневосточной железной дороге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек лидери Борбордук Азия ШКУнун приоритеттүү аймагы болушу керектигин кошумчалады.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинде сүйлөп жатып, Борбор Азиядагы абал алда канча жакшырып калганын айтты.

Өзбек лидери ошондой эле Борбордук Азия ШКУнун приоритеттүү аймагы болушу керектигин кошумчалады.

"Күн санап биздин чөлкөмдө абал мурдагыдан дагы турукташып бара жатат. Бул бир топ ири долбоорлорду шке ашырууга өбөлгө түзөт. Ошонун ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бар. Бул долбоор биздин өлкөлөргө инвестициянын агылып келишине жардам берет", — деди Мирзиёев.

Саммит документтерге кол коюу жана ЖМКга билдирүү жасоо менен аяктайт. Уюмга төрагалык Россияга өттү. ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Sputnik Кыргызстан саммиттен тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0