Кыргызстан-Индия кызматташуусу боюнча кол коюлган документтердин тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальный визит премьер-министра Индии Нарендра Моди в Кыргызстан
Официальный визит премьер-министра Индии Нарендра Моди в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тарап Тоо кыркалар биологиясы жана медицина, кош салык салууну болтурбоо, Маалыматтык-байланыш технологиялар сыяктуу бир нече жаатта кызматташа турган болду.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Индия премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визитинин жыйынтыгы боюнча бир топ документтерге кол коюлду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кол коюлган документтер төмөнкүлөр:

Кыргыз жана Индия өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишим;

Президент КР Сооронбай Жээнбеков и премьер-министра Индии Нарендра Моди на торжественном приеме в государственной резиденции Ала-Арча в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Индия Кыргызстанга 200 миллион доллар насыя бермей болду
Киреше салыктар жагынан кош салык салууну болтурбоо жана төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

Тоо кыркалар биологиясы жана медицина боюнча биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу өкмөттөр аралык меморандум жана Саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу эки министрликтин ортосундагы меморандум;

Маалыматтык-байланыш технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Индиянын Коопсуздук кеңешинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы менен Индиянын Коопсуздук боюнча улуттук гвардиясынын ортосундагы жана Кыргызстандын Аскер институту менен Индиянын Улуттук коргоо академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер тоо-кыркалар мектебинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Индия Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Индиянын Соода жана укуктук метрология боюнча өнөр жай министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ШКУ саммити: кол коюлган документтердин тизмеси
Кыргызстандын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Индиялык илимий-маалыматтык системасынын (RIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Кыргыз улуттук агрардык университети менен Индиянын Багбанчылык жана токой чарба университеттеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча жол картасы.

Быйыл май айында Жээнбеков Индияга барып, премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен анын инаугурация аземине катышып келген

Жаңылыктар түрмөгү
0