Баткендиктер АКШга 25 тонна кургатылган өрүк экспорттоду

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Исфана в Лейлекском районе Баткенской области
Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин негизги басым жасаган багыты — азык-түлүктөрдү экспортко чыгаруу.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Баткен районунун Кара-Бак айылындагы "Алтын Аймак" ишканасы январдан май айына чейин 25 тонна кургатылган өрүк экспортторду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Маалыматта бүгүнкү күндө аталган министрликтин негизги басым жасаган багыты азык-түлүктөрдү экспортко чыгаруу экени айтылат.

Жалпы жонунан тышка сатылган мөмө-жемиштин көлөмү төмөнкүдөй:

АКШнын Нью Йорк шаарына

  • Баргек (как ) — 15 000 кг;
  • Өрүк (сөөктүү) — 5 000 кг;
  • Кандек өрүк — 5 000 кг;

АКШнын Чикаго шаарына

  • Баргек — 15 000 кг

Түркиянын Измир шаарына

  • Кайналы — 72 000 кг;
  • Алма как — 48 000 кг.

Украинанын Днепр шаарына

  • Кайналы — 30 000 кг;
  • Өрүк — 14 000 кг.

Россиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларына

  • Баргек — 20 000 кг;
  • Баргек — 22 000 кг.

Мындан тышкары, 14-июнга карата Баткен районунун аймагынын Дара, Төрт-Гүл, Кара-Бак айыл өкмөттөрүндөгү айылдык товар өндүрүүчүлөр тарабынан 194 тонна ак өрүк Россиянын Новосибирск, Омск, Томск облустарына жана Казакстандын Нур-Султан шаарына экспорттолууда.

Райондун аймагында эрте бышчу өрүктөр кызуу жыйналып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0