Манас аэропорту. Архив

Өкмөт: Германия "Манас" аэропорту менен иштешүүгө кызыкдар

115
(жаңыланган 11:32 17.06.2019)
Жыл башында "Ачык асман" мыйзамы кабыл алынып, Кыргызстан бир жактуу тартипте бардык каалоочу авиакомпанияларга "Бешинчи даражадагы аба эркиндиги" укугун берген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Германиянын "Мюнхен" эл аралык аэропорту "Манас" аэропортунун инфраструктурасын өнүктүрүүчү долбоорду биргелешип ишке ашырууга жана Кыргызстандын эл аралык мейкиндиктеги имиджин илгерилетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Мюнхен" аэропортунун башкаруучу директору Ральф Гаффал баштаган делегация менен жолугуп, келечектеги кызматташууларды талкуулады.

Анда көтөрүлгөн негизги маселелердин бири — "Манас" аба майданын Борбор Азиядагы кубаттуу аба транспорттук түйүнүнө айлантуу.

Эске салсак, жыл башында "Ачык асман" мыйзамы кабыл алынып, Кыргызстан бир жактуу тартипте бардык каалоочу авиакомпанияларга "Бешинчи даражадагы аба эркиндиги" укугун берген. Анын негизинде чет элдик учактар жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды Кыргызстанга алып келип, кайра башка өлкөлөргө ташый алат.

"Мюнхен" эл аралык аэропорту — Германияда тейленген жүргүнчүлөрдүн саны боюнча экинчи орунда турат. Ал 2018-жылы 46,3 миллион жүргүнчүнү учуруп-кондурган. Бул аба майданы аркылуу дүйнөнүн 264 багытына учак каттайт.

115
Белгилер:
келишим, "Манас" эл аралык аэропорту, Германия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Ачык асман" мыйзамынын арты менен ким каражат табат?