"Кепилдик фондусунун" уставдык капиталын көбөйтүү аракети башталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в КР
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган ачык акционердик коомун кошумча капиталдаштыруу берилген кепилдиктердин көбөйүүсүнө, түзүлгөн жумуш орундарынын өсүүсүнө өбөлгө болот.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун андан ары натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында атайын буйрукка кол койду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Түшүм жыйнап жаткан дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элеттегилер 6 пайыздык насыяны кантип ала алат? Жол-жобосу
Аталган фондунун акционерлеринин жалпы жыйынына жөнөкөй акцияларды кошумча эмиссиялоо жолу менен уставдык капиталды 550 миллион сомго чейин көбөйтүү сунушталган.

Улуттук банктын "Кепилдик фондунун" акцияларынын кошумча эмиссиясын сатып алуу  маселеси да көтөрүлгөн.

Маалымат үчүн айтсак, "Кепилдик фондусу" 2016-жылы 72 миллион сом уставдык капиталы менен түзүлгөн жана учурда анын көлөмү 582 миллионго жетти.

"Компания ишмердүүлүгү учурунда 1 миллиард сомго 816 кепилдик берген, бул уставдык капиталды 100 пайыз өздөштүрүүнү шарттаган. Өнөктөш банктар кепилдиктерди тартуу менен ишкерлерге 3,4 миллиард сомдон ашуун насыя берген", — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Анын эсебинен 1 508 жаңы жумуш орду түзүлүп, иштеп жаткан 7021и колдоого алынган.

"Кепилдик фонду" ачык акционердик коомун кошумча капиталдаштыруу берилген кепилдиктердин көбөйүүсүн, кепилдиктердин орточо суммасынын, кепилдик портфелинин көлөмүнүн, түзүлгөн жумуш орундарынын өсүүсүн шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0