Мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жеңилдейт

Жазылуу
Өкмөттүн жобосунун жардамы менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы бюрократиялык тажатма иштер токтотулат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик инвестицияны башкаруу боюнча жобо кабыл алынды. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул документтин негизги максаты — мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун ишке ашышын жеңилдетүү жана жакшыртуу.

Аталган жобо аткаруучу агенттиктер, тиешелүү органдар жана кызыкдар тараптар үчүн инвестициялык долбоорлорду талдоо, баа берүү, ишке ашыруу боюнча бирдиктүү система болуп эсептелет.

"Документтин жардамы менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы бюрократиялык тажатма иштер токтотулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Пекиндеги желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Кытай менен экономика жаатындагы алакасы кандай болору айтылды
Быйылкы жылы мамлекеттик инвестициянын көлөмү — 33 миллиард сомду түзгөн. Анын 28 пайызын гранттар, 68 пайызын өтө төмөн пайыз менен берилген насыялар жана 4 пайызын өкмөттүн каржылоосу түзөт.

Бул жылы мамлекеттик инвестицияга сырттан салым кошкондордун катарына Кытай, Германия өлкөлөрү, Дүйнөлүк банк, Араб координациялык тобу, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу уюмдар кирет.

Каражат негизинен транспорт, энергетика, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү жаатындагы ири долбоорлорго жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0