Финансы министри: быйыл мугалимдердин маянасы жогорулайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял министра финансов Бактыгуль Жеенбаеву
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра финансов Бактыгуль Жеенбаеву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр сот-укуктук реформаны ишке ашыруу долбоору өз убагында каржыланып жатканын айтты.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Министр өлкө башчыга мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы абал тууралуу маалымат берди.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев DOSALIEV SULTANСооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды.  - Sputnik Кыргызстан
1/2
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМинистр өлкө башчыга мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы абал тууралуу маалымат берди.
Министр өлкө башчыга мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы абал тууралуу маалымат берди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Министр өлкө башчыга мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы абал тууралуу маалымат берди.
1/2
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды.
2/2
Министр өлкө башчыга мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы абал тууралуу маалымат берди.

"Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу жана өлкөнү санариптештирүү боюнча долбоорлор өз убагында каржыланууда. Республиканын ар бир райондук борборуна үч чакырым жол куруп, оңдоп-түзөөгө каражаттар бөлүндү. Мындан тышкары, 2019-жыл ичинде орто мектептердин мугалимдерине айлык акысын жогорулатуу пландалып жатат", — деди Жээнбаева.

У пожилой женщины вымогали взятку — видео задержания чиновника Соцфонда - Sputnik Кыргызстан
Соцфонддун аймактык жетекчисинин орун басары пара алып кармалды. Видео
Бирок министрдин айтымында, республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдар боюнча артта калуулар байкалып жатат.

Ал эми өлкө башчы Мамлекеттик ипотекалык компанияга калкка ипотекалык насыяларды берүүнү жандантуу үчүн акча каражатын тез арада бөлүп берүү зарылдыгына көңүл бурду.

Ал ошондой эле бюджетке жыйымдарды тапшыруу боюнча планды аткарбаган мамлекеттик органдарга карата биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чара көрүү керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0