Улуттук банк 300 миллион сомдук баалуу кагаз чыгарды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облигациялар беш жылдык мөөнөткө берилет.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы 300 миллион сомдук баалуу кагаздарды чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылган.

Облигациялар беш жылдык мөөнөткө берилет. Акыркы төлөм кылчу күн - 2024-жылдын 24-июну.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда элдин колундагы акчанын көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү
Бир баалуу кагаздын баасы — 82,43 сом, көрө турган киреше — 10,62 пайыз.

Облигация — бул банктык депозитке альтернатива болуп саналган карыздык баалуу кагаз. Аны акча керек болгон учурда кайсы бир ишкана же мамлекет чыгарат.

Облигация сатып алуу менен жаран акчасын банкка өткөрөт, тагыраагы, карызга берет. Ал эми банк акчаны пайдалангандыгы үчүн баалуу кагаз ээсине үстөк пайыз төлөп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0