ШКУ мамлекеттеринин президенттери Бишкекте. Архивдик сүрөт

Кытай Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин чыгымын төлөп берет

215
(жаңыланган 17:54 26.06.2019)
Саммит июндун орто ченинде Бишкекте өткөн.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кытай Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин чыгымын төлөп берет. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Кытай Эл Республикасы 6 миллион 760 миң доллар бөлүүнү пландап жатат.

В центре Бишкека бронированные машины перекрыли улицу
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу.
Кыргызстандын Экономика министрлигинде эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан финансылык жардам көрсөтүү боюнча катка кол коюлду.

Тийиштүү катка Кыргызстандын экономика министри Санжар Муканбетов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн кол койду.

ШКУнун саммити 13-14-июнда Бишкекте өткөн. Ага карата Кытай сооттолгон унааларды белекке берген.

215
Белгилер:
жардам, саммит, Бишкек, Кытай
Тема:
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (61)
Тема боюнча
Бишкектеги ШКУ саммити: кол коюлган документтердин тизмеси
Токаев: Кыргызстан ШКУ саммитине мыкты төрагалык кылууда
Бишкектеги ШКУ саммити. Президенттердин отурумунун толук видеосу