Телеканал. Архивдик сүрөт

"Бешинчи канал" парламенттик болбой, сатыкка коюлат

120
(жаңыланган 10:09 27.06.2019)
Жогорку Кеңештин жыйындарын "Пирамида" телеканалы чагылдырат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "Жабык түрдөгү "Бешинчи канал" акционердик коому боюнча мыйзамды жокко чыгарылды деп таануу жөнүндөгү" мыйзамды үчүнчү окууда колдоду.

Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусунда телеканалды парламенттик деп аталган статусунан ажыратып жана сатыкка коюу туурасында айтылат.

2010-жылы Убактылуу өкмөт "Бешинчи каналды" улутташтырууну чечип, парламент "Жабык түрдөгү "Бешинчи канал" жөнүндө" мыйзам кабыл алган. Ошол кезде анын парламенттик болору туурасында айтылган эле. Андан соӊ жумушчу топ түзүлүп, ал мыйзамдын аткарылышы мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келген. Анткени телеканалдын укуктук-уюштуруу формасы жана кимге карай турганы аныкталбаган деп айтышкан.

"Ушу тапта мыйзам маанисин жоготту. Өкмөт "Бешинчи каналга" пайызсыз насыяларды бөлүп жаткандыктан, бюджетке ашыкча чыгым алып келүүдө. Жогорку Кеңеш азыркы учурда өз ишин "Пирамида" телеканалы аркылуу чагылдырып жатат. Андан тышкары, өкмөт аталган телеканалды өнүктүрүү үчүн мезгил-мезгили менен пайызсыз бюджеттик насыяларды бөлүп берүүдө", — деп айтылган документте.

Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

"Бешинчи канал" биринчи ирет эфирге 2007-жылдын 12-февралында чыккан. Ал эми буга чейин алгач КООРТ телекомпаниясы болуп түптөлгөн.

120
Белгилер:
"Пирамида" телеканалы, "Бешинчи канал" жабык акционердик коому, Кыргызстан
Тема боюнча
MegaCom компаниясы ортомчулар аркылуу сатылышы мүмкүн