Кыргызстанга насыя бергендерге ар бир жаран 600 доллардан карыз. График

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карыздын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү Кытайга туура келет.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Финансы министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түзөт.

Государственный визит председателя КНР Си Цзиньпиня в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
7 млрд. долларлык келишимдер. Кыргыз-кытай бизнес-форумунда кол коюлган документтер
Sputnik Кыргызстан агенттиги ар бир жаран орточо эсеп менен канча карыз экенин эсептеп көрдү. Бардык эсептөөлөр алынган насыялардын көлөмүн көрсөтүү үчүн гана жасалды.

Апрель айынын аягына алынган маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 445 миллион долларды түзөт. Ал эми 1-январга карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 389,5 миң киши. Белгилей кетсек, мамлекеттик карыз — ички (659 миллион доллар) жана тышкы карыздан (3,8 миллиард доллар) турат.

Жалпысынан алганда Кыргызстан 21 мамлекетке жана финансы институттарына карыз.

Орто эсеп менен алганда Кыргызстандын ар бир жаранынын "карызы" 695,6 долларды түзөт. Анын 592 доллары тышкы карызга туура келет.

Калган мамлекеттер менен финансы институттарына канча карыз экенин графиктен караңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0