Улуттук банктын алтын валюта резерви саат сайын 100 миң долларга өсүүдө

© AFP / SEBASTIAN DERUNGSАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын валюта резервинин көлөмү өлкө тарыхындагы эң жогорку чекке жетти.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Июнь айынын аягына карата Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү 2 миллиард 244 миллион 520 миң долларды түздү. Бул туурасында Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.

Мындай рекорддук көрсөткүч 2014-жылдын июль айында да болуп, анда резервдин көлөмү азыркыдан 18,5 миллион долларга көбүрөөк болгон.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда элдин колундагы акчанын көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү
Ал эми май айына салыштырмалуу 73,5 миллион долларга жогорулаган. Башкача айтканда, саатына 102 миң доллардан өсүүдө.

Кыргызстандын эл аралык валюта резервинде валютанын ондон ашуун түрү, СDR (атайын карыз алуу укугу — жасалма резерв жана Эл аралык валюта фондуна төлөө каражат) жана алтын бар. Аларды эл аралык деңгээлде колдонуп, төлөм жүргүзүп, төлөө баланстарынын дефицитин жабуу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн колдонууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0