Премьер мамлекеттин үлүшү бар кредиттик ишканалардын ишин жакшыртат

Жазылуу
Мамлекеттин үлүшү бар финансылык ишканалардын катарына "Айыл Банк", "РСК банк" ААКлары, "Кепилдик фондусу" жана "Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу" кирет.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшкө катыштыгы бар каржылык мекемелердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Алгач Абылгазиев аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында "Айыл Банк", "РСК банк" ААКлары, "Кепилдик фондусу" жана "Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунда" кандай иштер кылынгандыгы боюнча маалыматты укту.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга насыя бергендерге ар бир жаран 600 доллардан карыз. График
Андан соң "Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусуна" бизнес-долбоорлорун кароо процедураларын жөнөкөйлөтүүнү тапшырды. Мындан тышкары, аялдар ишкерлигин колдоо жана туризм чөйрөсүндөгү объектилерди көбүрөөк насыялоо керектигин белгиледи.

Ал эми "Айыл Банк" ААКсына аймактардагы айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын насыялоо ишин күчтөндүрүүнү сунуштады.

"РСК банк" жана "Кепилдик фонд" акционердик коомдорун капиталдаштыруу маселесин тезирээк чечүү таршырмасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0