"Коопсуз шаардан" түшкөн акчанын бир бөлүгүнө тез жардам унаалары алынат

© Sputnik / Эмиль СадыровПроблема автомобильного затора в Бишкеке
Проблема автомобильного затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коопсуз шаар" долбоорунан төрт айдын ичинде 145 миллион сом топтолгон.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. "Коопсуз шаардан" түшкөн каражаттын бир бөлүгү Тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Эреже бузуудан түшкөн айып пулдарды пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Жолго орнотулган камера. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" камералары эми өлкөнүн бардык аймагына орнотулат. Убактысы
Документке ылайык, тийиштүү тараптарга каражат бөлүштүрүлгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулат. Ал каражат тез жардам унааларын алууга, медициналык жаңы станцияларды ачууга, керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалмакчы.

Өлкөдө тез жардам унааларына болгон муктаждык тынбай айтылып келет. Өткөн жылдын аягында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанга дагы 150 тез жардам машинасы керектигин айткан.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден кийин төрт айда 26 414 айдоочунун эреже бузганы аныкталган. Анын ичинен азыркы тапта 42 пайызы айып төлөп, 145 миллион сом түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0