Доллар акчасы. Архивдик сүрөт

Евразия өнүктүрүү банкы КРде 233 млн. долларлык долбоорду ишке ашырууну карайт

108
(жаңыланган 18:27 10.07.2019)
Долбоордун алкагында чакан ГЭСтерди куруу жана кен иштетүү пландары да бар.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкынын кароосуна Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 233 миллион долларлык долбоор келип түшкөн. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы директору Нурлан Молдошев журналисттерге билдирди.

Маалымат жыйын алдында банк башкаруучулугунун төрагасы Андрей Бельянинов 2019-жылдын 5-июлуна карата банк 4 миллиард доллар насыя бергенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын темир жолун оңдоого сунуштар болгонун жана ага каражат бөлүнөрүн айтты.

Өз кезегинде Молдошев кайсы тармактарга насыялар каралып жатканын санап өттү:

  • Ошто пахтаны кайра иштетүүчү ишкана куруу;
  • Нарын менен Ат-Башы суусунун куймасына кубаттуулугу 100 мегаваттык чакан ГЭС куруу;
  • "Кыргыз темир жолуна" техника алуу;
  • Тоо-кен тармагына эки долбоор (анын бири Сары-Жаз кенинде калай жана вольфрам казууга багытталган);
  • Орто-Токой суу сактагычына жана Ысык-Ата суусуна чакан ГЭСтерди куруу.
108
Белгилер:
долбоорлор, Евразиялык өнүктүрүү банкы, ГЭС
Тема боюнча
"Жер-Үй" быйыл октябрда ишке кирет. Кендеги курулуштун сүрөттөрү
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек
Акча санап жаткан аял. Архив

Мэрия: бишкектик ишкерлер июлда 395 миң сом айыпка жыгылды

24
(жаңыланган 10:51 06.08.2020)
Мэриядан билдиришкендей, июль ичинде шаар боюнча санитардык эрежени бузгандардын көпчүлүгү кафе жана тез татым түйүндөрү.

БИШКЕК, 6-авг. – Sputnik. Июль айынын ичинде бишкектик ишкерлер санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн 395 миң сомго айыпка жыгылды. Бул тууралуу шаар жетекчилигинен билдиришти.

"Эреже бузгандардын көпчүлүгү кафе жана тез татым түйүндөрү. Ошондой эле ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген, бирок жашыруун иштеп жүргөн компьютердик клубдарда дагы тартип сактабагандык байкалууда", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пандемия учурунда коюлган талаптардын сакталышына көз салган Санитардык-экологиялык инспекция иштей баштагандан бери 289 протокол түзүлүп, 1 миллион 287 миң сом айып салынганы айтылат.

"Бишкек асфальттын" жетекчиси жолдогу чуңкур үчүн айыпка жыгылды. Сүрөт

Санитардык-экологиялык инспекциясынын байланыш номерлери:

  • Биринчи май району: 0555 404 818;
  • Свердлов району: 0551 551 745;
  • Октябрь району: 0 500 210 470;
  • Ленин району: 0500 085 580.
24
Белгилер:
пандемия, айып пул, эреже, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Өкмөт "Коопсуз шаардан" түшкөн айып пулга тез жардам унааларын алат
Экономика министрлигинин имараты. Архив

Экономика министрлиги келечекте тоо-кен өнөр жайын басып өтчү тармакты атады

127
Өндүрүштүк көлөмдөгү масштабга ээ болгон инновациялык идеялар ишке ашса, өлкөнүн экономикасына чоң киреше алып келип, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат.

БИШКЕК, 5-авг. – Sputnik. Экономика министрлиги креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепцияны иштеп чыгууга киришти. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Концепция креативдүү индустриянын инновациялык багытын алдыга жылдыруу, өнүктүрүү үчүн укуктук жана экономикалык негиздерди түптөп бериши керек.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстандын ички дүң продукциясында креативдүү экономиканын үлүшү 7 пайызды түзөт. Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода индустриясы, кино индустриясы жана видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, театралдык искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт исскуствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.

Бюджетти толтуруу үчүн ички киреше булактары аныкталууда. Алар кайсылар?

"Өндүрүштүк көлөмдөгү масштабга ээ болгон инновациялык идеялар ишке ашса, өлкөнүн экономикасына чоң киреше алып келип, капиталдык салымдарды рационалдаштырат, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат деген пикирде.

Мындан тышкары, өлкөнүн маданий мурастарынын кайра жаралуусуна жардам берери кошумчаланат.

127
Белгилер:
идея, чыгармачылык, экономика, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID-19дун айынан Кыргызстанда майнинг-фермалар эми салык төлөмөкчү
Кыргыз Республикасынын желеги. Архивное фото

Кыргызстандын туусу тартылган ажаткана каражаттары онлайн-сатыкка чыкты

0
(жаңыланган 19:00 06.08.2020)
Жарнамада сатуучулар Кыргызстандын мамлекеттик туусунун сүрөтү тартылган ажаткана, ванна каражаттарынын үч аксессуар топтомун сунуш кылышууда.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бир катар электрондук коммерциялык аянтчаларда Кыргызстандын мамлекеттик желеги тартылган килемче, ванна жана ажаткана каражаты сатыкка чыгарылды.

Орунсуз жерге КРдин мамлекеттик символикасы камтылган жарнаманы Sputnik Кыргызстан редакциясына окурмандар жиберди. Алар популярдуу америкалык интернет дүкөндөрдүн жана соода тармактардын сайттарына жайгаштырылган. Жарнамада сатуучулар Кыргызстандын мамлекеттик туусунун сүрөтү тартылган ажаткана, ванна каражаттарынын үч аксессуар топтомун сунуш кылышууда.

Коврик и крышка унитаза с государственной символикой КР продаваемая на платформе электронной коммерции
скриншот с сайта walmart.ca
Бир катар электрондук коммерциялык аянтчаларда Кыргызстандын мамлекеттик желеги тартылган килемче, ванна жана ажаткана каражаты сатыкка чыгарылды

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги окуя боюнча үн катып, жосунсуз жорук экенин белгиледи.

"Бизде желектер тартылган футболкаларды, баш кийимдерди кийишет, айрымдар кийимдин ар кайсы бөлүктөрүнө символ коюшат. Бирок бул сатуучулар сунуштаган нерсе моралдык жактан туура эмес деп ойлойм", — дейт министр Азамат Жаманкулов.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 175-беренесине ("Мамлекеттик символдорду мазактоо") ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербин, мамлекеттик туусун же мамлекеттик гимнин мазактоо, I категориядагы айып пул (20-30 миң сом) же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга (40-60 саат) тартуу түрүндөгү жазага алып келери айтылат.

Электрондук коммерциялык аянтчаларда башка мамлекеттердин да желек, туусу сатыкта турат.

Катуу шамалдан улам "Ала-Тоо" аянтындагы желек тытылып кетти. Сүрөт

Эске салсак, 2019-жылы Бишкекте пенсиядагы айым компаниялардын биринин жанындагы аймакты тазалап жатканда желектин сүрөтүн ленталарга салып, аларды автоунаа токтоочу жайдын тосмосу катары кызмат кылган кабель менен байлап койгону үчүн айыптаган.

0
Белгилер:
дүкөн, интернет, Америка, жорук-жосун, Символ, желек, Кыргызстан
Тема боюнча
Оренбургдан 20 автобус кыргызстандык келди