Ош шаарында чет элдик компаниялардын катышуусунда көргөзмө-жарманке уюштурулат

© Sputnik / Михаил ДудинОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда жергиликтүү жана чет элдик ишканалар өздөрүнүн продукцияларын, кызматтарын кардарларга сунуштайт.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ош шаарында эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Соода - өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Юг Экспо — 2019" аталышындагы иш-чара 10-12-сентябрь күндөрү өтөт. Ага жергиликтүү жана чет элдик ишканалар катышып, айыл чарба, финансы, жеңил өнөр жай, энергетика, курулуш, туризм тармактары боюнча продукциялар жана кызматтар кардарларга сунушталат.

Мындан сырткары, жарманке инвестициялык форум менен коштолуп, ишкерлер кызматташууну талкуулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0