Өкмөт үч жыл ичинде зергерлердин санын көбөйтөт. Жаңы концепция

© Sputnik / Наталья Айриян / Медиабанкка өтүүИзготовление украшений в мастерской Цхинвала
Изготовление украшений в мастерской Цхинвала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зер буюмдарды экспорттоого мыкты шарттарды түзүү каралып жатат.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстандын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Концепция зергердик тармакты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды, жумуш орундарын түзүү жана зер буюмдарды өндүрүүчү ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

"2022-жылдын аягына чейин ата мекендик ишканалардын алтынды жана күмүштү керектөөлөрүнүн жылдык көлөмүн 1 тоннага жеткирүү максаты коюлду. Бул зергердик тармакта дагы 2,5 миң жумуш ордун түзгөнгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, концепцияда зергердик продукцияларды экспорттоого ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0