"Корея бизди кызыктырат". Абылгазиев менен Ли Нак Ён кызматташууну талкуулады

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевОфициальный визит премьер-министра Южной Кореи Ли Нак Ёна в Кыргызстан
Официальный визит премьер-министра Южной Кореи Ли Нак Ёна в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ли Нак Ён Кыргызстанга биринчи келген Кореянын өкмөт башчысы болуп калды.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Түштүк Кореянын тажрыйбасы Кыргызстанды кызыктырарын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн Кореянын өкмөт башчысы Ли Нак Ён жана Абылгазиев аталган өлкөнүн эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин "Менин айылым" долбоорунун бет ачарына катышкан.

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевАймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Түштүк Кореянын тажрыйбасы Кыргызстанды кызыктырарын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Түштүк Кореянын тажрыйбасы Кыргызстанды кызыктырарын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Түштүк Кореянын тажрыйбасы Кыргызстанды кызыктырарын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБүгүн Кореянын өкмөт башчысы Ли Нак Ён жана Абылгазиев аталган өлкөнүн эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин "Менин айылым" долбоорунун бет ачарына катышкан.
Бүгүн Кореянын өкмөт башчысы Ли Нак Ён жана Абылгазиев аталган өлкөнүн эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин Менин айылым долбоорунун бет ачарына катышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бүгүн Кореянын өкмөт башчысы Ли Нак Ён жана Абылгазиев аталган өлкөнүн эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин "Менин айылым" долбоорунун бет ачарына катышкан.
1/2
Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Түштүк Кореянын тажрыйбасы Кыргызстанды кызыктырарын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
2/2
Бүгүн Кореянын өкмөт башчысы Ли Нак Ён жана Абылгазиев аталган өлкөнүн эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин "Менин айылым" долбоорунун бет ачарына катышкан.

Ал жерде эки тараптуу кызматташуу боюнча да сөз болгон.

"Сиз Кыргызстанга келген Корея Республикасынын биринчи премьер-министри болдуңуз. Бул иш-сапарыңыз – эки жактуу алакалардын жаңы барактарын ачып жатат", — деди Абылгазиев.

Түштүк кореянын желегинин жанында турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Түштүк Кореядан келген туристтердин саны өсүп баратат
Ал аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Кореянын тажрыйбасы өтө кызыктыраарын белгилеген.

"Айрыкча, биз үчүн айылдарды өнүктүрүү боюнча "Менин айылым" улуттук программасын ишке ашыруу боюнча тажрыйба кызыктуу. Анын аркасында Кореядагы айылдар ийгиликтүү өнүгүп жатат. Бул Корея Республикасына кыска мөөнөттүн ичинде айыл жерлеринин экономикасын жандандырууга көмөк берди. Биз бул корей долбоорун кыргыз айылдарына ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыктык. Ошол эле учурда "Менин айылым" корей долбоору кыргыздын салттуу "Ашар" ыкмасы менен өтө окшош", — деди кыргыз премьер-министри.

Ал элетте бул долбоордун идеялары ишке ашып, жакшы майнап берет деген ишенимин кошумчалаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0