Кыргызстандын жаш ишкерлеринин эмне артыкчылыгы бар экени айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековОрус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев. Архив
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асрандиев бизнестеги кыйынчылык жаш-кары деп тандабай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жаш ишкерлери башка бизнесмендерден эмнеси менен айырмалана турганын Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлеринин форумунда айтып берди.

Анын сөзүнө караганда, өз ишин баштайм деген кыргызстандык жаштарда бир катар артыкчылыктар бар.

"Албетте, ишкерлер укук маселелерине келгенде бир аз аксашат. Бирок бизнести пландоо жаатындагы билимдин жетишсиздиги бир гана жаштарда эле кездешпейт. Бизнестеги кыйынчылык жаш-кары деп тандабайт. Жаш ишкерлер көйгөй эмнеде болуп жатканын дароо илип кетишет, бат үйрөнүшөт жана абалдан тез чыгып кетет", — деди Асрандиев.

Ал ошондой эле жаш ишкерлер бизнесте өз ордун таап калгандарга караганда кеңештерди туура кабыл алып, аны иш жүзүнө ашырганга аракет кыларын кошумчалады.

Встреча с представителями крупного бизнеса Швейцарии президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Швейцарияда бизнес көзүрлөрүнө жолугуп, бир топ документке кол коюлду
Форум 25-27-июлда Бишкекте болуп, 30-июлга чейин Чолпон-Атада уланат. Аталган иш-чара Кыргызстандын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиги менен Россиянын Жаштар иши федералдык агенттиги тарабынан өткөрүлүүдө.

Форумдун катышуучуларына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи көрсөтүлөт. Андан сырткары, Кырчын жайлоосу менен "Рух Ордо" маданий борборуна экскурсия уюштурулат.

Иш-чаранын соңунда Кыргызстан менен Россиянын жылдарын эки мамлекетте өткөрүү боюнча иш-аракеттердин планы иштелип чыгат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0