"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

© Фото / пресс-служба НЭСК"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору Эмил Куданалиев
Кыргызстан улуттук электр тармагы ачык акционердик коомунун башкы директору Эмил Куданалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куданалиев мурда ушул эле ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары болуп турган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Эмил Куданалиев дайындалды. Бул туурасында аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

Глава Департамента информации Минкультуры Салкын Сарногоева - Sputnik Кыргызстан
Маалымат департаментинин башчылыгына Салкын Сарногоева дайындалды
Куданалиев мурда ушул эле ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары болуп турган. Анын бул тармакта 25 жылдык тажрыйбасы бар экени айтылат.

Эмгек жолун "Кемин электр тармагы" ишканасында электромонтер болуп баштаган. Кийин байланыш жана релейлик коргоо кызматтарында инженер, Аламүдүн райондук электр тармагында, "Чүй электр тармагы" ишканасында диспетчер кызматын аткарган. Кийин "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын борбордук диспетчердик кызматына которулуп, улук диспетчер, начальниктин орун басары, начальник болууга жетишкен. 2017-жылдын март айында аталган ишкананын директорунун биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Буга чейин "Кыргызстан улуттук электр тармагын" жетектеген Медетбек Айткулов өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кеткен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0