Бүгүн, 1-августта, Кыргызстанга жумушчу сапары менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек ара жана экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулайт.
Кыргызстан жана Өзбекстан узун чек арага ээ, ал 1378 чакырымга созулат. Эки өлкөнүн калкы арасында да маданияттан экономикага чейинки орток нерселер оголе арбын.
Бир топ жыл илгери Оштон Баткенге жетүү үчүн Өзбекстандын аймагын аралап өтүүгө туура келчү. Азыр айланма жолдор салынып, Өзбекстан менен мамиле да жакшырып, транспорттук маселелер чечилди. Ошондой эле жакында өзбекстандыктар Стамбулга эки баскычта: Ош аркылуу Бишкекке жана борбор калаабыздан түрк мегаполисине каттай тургандыгы белгилүү болду. Себеби мындай сапар Ташкенттен учууга караганда жолоочуларга арзан түшөт. Президент Сооронбай Жээнбековдон ишкерлер Ош — Стамбул түз каттамын ачуу тууралуу Түркия тарап менен сүйлөшүүнү өтүнүшкөн. Өзбекстан жана Тажикстандын бизге чектеш облустарынын ишкерлери бул каттам менен көп учушмак, ал эми бул КР экономикасына артыкчылык алып келмек.
Ошондой эле өлкөлөр Ташкент — Анжиян — Ош — Эркечтам — Кашкар эл аралык каттамын ачуу аракетинде.
Мындан тышкары, туристтик сезон маалында Ысык-Көлгө Ташкенттен учактар каттап, Ташкент — Бишкек — Балыкчы багыты боюнча поезд жүрөт.
Анклавдардын тургундары үчүн, албетте, саясий туруктуулук маселеси өтө маанилүү.
Жогоруда айтылгандай, кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1373 чакырымды түзөт. Бир нече жыл мурун алардын 1058 чакырымы такталган. Бирок былтыр эки өлкөнүн президенттери чек аранын 85 пайызын сызууну чечишкен. Бүгүнкү күндө чек аранын 92 пайызы такталып, 10 тилке талаштуу бойдон калууда. Жер тилкелери менен алмашуу маселеси каралган эмес.
Бул - эки өлкө арасындагы татаал маселелердин бири. Кыргызстан жана Тажикстан Борбордук Азиянын чоң дарыялары Амударыя жана Сырдарыянын башында жайгашкан, Сырдарыянын негизги куймасы болуп Нарын дайрасы эсептелет. Өзбекстан жана Казакстан суу этегинде турат. Эки өлкө ортосундагы суу маселеси энергетикалык тармагыбызга да таасир этет. Жайында Өзбекстанда сугат иштери башталганда сууну коё берүү кээде Кыргызстанга пайдасыз, себеби электр энергиясын керектөө кескин көтөрүлгөн кыш мезгилинде Токтогул ГЭСи аны иштеп чыгара алгыдай көлөмдө суу сактагычка топтоо зарыл. Былтыр эки өлкө өз ара кызыкчылыктар корголо тургандай так эсептин негизинде Борбор Азиянын чек аралар аралык дайраларынын суу-энергетикалык ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселелеринде биргеликте аракет көрүүгө даяр экендигин тастыкташкан.
Кыргызстан негизинен электр энергиясын өлкөнүн түштүгүндө өндүрөт, ал эми керектөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү түндүктө. Пайдалануучуларга киловатт-сааттар Өзбекстан, андан кийин Казакстан аркылуу транзит менен жеткирилчү. Бул Борбордук Азиянын бириккен энерготутуму деп аталчу. Өзбекстан ал тутумдан чыга тургандыгын көп айткан, бул Кыргызстанды энерготуңгуюкка кептемек. Бирок "Датка-Кемин" ЭӨЧ жана ушундай эле аталыштагы подстанциялардын курулушу менен КР бир топ жыл мурун энергетикалык көз карандылыкты жойгон.
Газ маселеси да көйгөй жаратып келген, "Кыргызгаз" Газпром тарабынан сатып алынганы Өзбекстан 2014-жылы өлкөнүн түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Суунун аздыгы Кыргызстандын энерготармагын катуу аксатып, өлкө жарыкты импорттоого мажбур болгон.
Ошол эле 2014-жылдын аягында газ берүү кайра жанданган.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, былтыр Өзбекстанга 158,5 миллион долларлык товар экспорттолсо, 178 миллион долларлык товар импорттолгон.
Кыргызстанда жана Өзбекстанда көптөгөн тургундар бири-бирине тууган болушат. Маселен, быйылкы жылга карата жасалган билдирүүдө КРде 940 миң өзбек тектүү эл жашары айтылган. Ал эми алты жыл мурунку маалыматка ылайык, Өзбекстанды 422 миң кыргыз жерлеген.
Кыргызстан менен Өзбекстан Кытайдын ири долбоорлоруна катышууга ниеткер. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан бери уланып келет. Мында каржылоо жана жолдун туурасы сыяктуу эки көйгөй бар. Алсак, Кытайда темир жол эл аралык стандартка туура келсе, Кыргызстанда ал совет доорунан калган. Бул жолду курууга кызыкдар экенин Сооронбай Жээнбеков да, Шавкат Мирзиёев да бир нече ирет жар салышкан.
Мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн жумуш орундары түзүлүп, инвестициялык климат жакшырышы керек.
"Салык төлөөчүлөр жеке менчик ишканалардын ичинде бардык салыктарды төлөп, ак ниет иштегендери менен кошо эле жашырынып, көмүскө иш алып баргандары да жок эмес. Бирок мамлекет өзү кызыктай "парадоксторду" жаратат. Алсак, салык, бажы жана башка мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдарга план коюшат. Планды аткаруу үчүн алар туура эле иш алып барып жаткан ишкерлерди кысымга алышат. Албетте, алар деле бюджетти толтуруу менен мамлекетке пайда алып келүү максатын көздөйт. Ошондой эле эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор дагы мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. А чынында бул өлкөгө зыянын тийгизбей койбойт. Себеби ишкер банкрот болсо бюджетке эч кандай каражат төлөбөгөнү аз келгенсип, жумуш орундары дагы азаят. Ошондуктан экономиканы көтөрүү үчүн бизнес тармагында соттор адилеттүү иш алып баруусу зарыл", — деди Акимова.
Экономист жергиликтүү ишканаларды сактап калууга бардык мамлекеттик органдар кам көрүшү керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.
"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.
Ушуга байланыштуу Sputnik агенттиги КРдин УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Сыртбай Мусаев жана Эл аралык медициналык университетинин Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, Кусейин Карасаев изилдөөчү Алихан Ибраимов менен маектешти.
— Кусейин Карасаев кандай адам эле?
Сыртбай Мусаев: — Кыргыз илимине аралашкан жолумда үч адамды улуу деп эсептейм. Алар кыргыз элинин илимдүү, билимдүү болуп сабатынын ачылышына кам көргөн Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов жана Кусейин Карасаев. Тагдырыма ыраазымын, ушул үч адам жөнүндө изилдөө жүргүзүп, кийин үчөөнүн ысымын алып жүргөн университеттерде эмгектендим. Касым Тыныстанов атындагы ЫМУда иштеп калдым. Кийин Бишкек гуманитардык университетине ректор болуп келип, Кусейин Карасаевдин ысымын ыйгарганбыз. Ал кезде жубайы Айша Карасаеванын көзү тирүү болчу. Ал кишинин "атаң дагы, мен дагы эки дүйнө ыраазыбыз" деп айткан сөзү азыр да эсимде. Ал эми учурда Ишенаалы Арабаев атындагы университетте да эмгектендим. Бул үчөөнүн кыргыз элине жүргүзгөн агартуучулук иши эбегейсиз. Ошондуктан бул жактарда иштегеним мен үчүн чоң бакыт деп билем.
Ал эми Кусейин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан да ушуну талап кылар эле. Карасаев менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Мулуң-мулуң этип, каткырып күлүп койчу. Азыркы "Океан" деген жерде турчу. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу.
— Балалыгы кайда, кайсы учурда, кандай өткөн экен?
Алихан Ибраимов: — Тилекке каршы, ал кишини көрүү мүмкүнчүлүгү менде болгон жок, бирок анын китептери, замандаштары жана кызы Алтынай Карасаева менен кесиптеш болуп калганыма байланыштуу жакындан билип калдым. Кусейин атабыз өзү жөнүндө "Кусейин наама" деп китеп жазып калтырып кеткен. Анда өмүр баяны, башынан өткөн окуяларды сүрөттөгөн. Ошондо баяндалгандай, балалыгы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылында өткөн. Алгач айылдык молдодон билим алып, ошондон улам фарс, араб тилдерин жакшы билип, сөздүктөрү пайда болуп жатат да.
— Туулган жылы боюнча тактай кетеличи. Ар кандай булактарда 1901-жылдан 1905-жылга чейинки убакытты көрсөтүшүүдө. Аныгы кайсы жылы төрөлгөн?
С.М.: — Ысык-Көл университетинин түзүлгөнүнүн 60 жылдыгында "Акыркы могикандардын маеги" деп Касым Тыныстанов менен Кусейин Карасаевдин баарлашуусун сахналаштырдык. Ошондо туулган жылын тактоого туура келди. Байбичеси Айша апа 1901-жылы 5-январда туулганын айтты.
А.И.: — Кусейин атанын китебинде, Айша апанын да эскерүү китебинде дал ушул дата көрсөтүлгөн. Жогоруда айтылып кеткендей, ар кандай даталар жазылып калгандыктан кызы Алтынай Карасаевадан дагы тактап сурагам. Ал кишинин айтымында, ошол убакытта туулгандыгы тууралуу күбөлүктөргө туулгандыгы жазылчу эмес экен. Ошондуктан Кусейин ата өзү 1901-жыл 5-январь деп жаздырып алган экен.
С.М.: — Сүйүү баянына келсек ар кандай кептер айтылат. Анан эми азыр айта берсек болот. Анткени сүйүү деген ушундай да. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагындагы айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусейин Карасаевге турмушка чыгып калган. Экөө үч кыздуу болушкан. Жубайын абдан сыйлап, урматтаган. Негизи үч кызды тарбиялап өстүргөн ата дагы, эне дагы абдан бактылуу жандар. Мына менин да үч кызым бар. Анан "бардык жагынан сизден үлгү алып жатам" деп Кусейин ата менен тамашалашып калчумун.
А. И.: — Ошол Айша апага ашык болгондордун катарында Ташым Байжиев дагы болгон экен.
— Ал киши дагы айтылуу окумуштуу болгон да. Боюнда бар кезинде стенограмаларды жазган делет. Чынбы?
С.М.: — Ооба, бул чын. Айша Карасаеванын "Кыргыз стенограммасы" деген китеби бар. Ал стенограмачыларды окутуп да жүрдү. Батма Кебекова деген окумуштуу бар эле. Ошол киши Айша апа окуткан деп стенограмма менен жазчу. Азыр болсо бул нерселер окулбай, каралбай калды.
— Кусейин Карсаевдин мүнөзүнө таандык сапаттардан атап өтсөңүз?
С.М.: — Бул киши өтө сак болуп, сөзүнөн, кебинен жаңылчу эмес. Буга, жеке баамымда, анын турмуштан көп запкы тартып калганы себеп болуш керек. Мисалы, 1933-жылы партиядан чыгарылып, үч ай камалып, акталып чыккан. Кийин 1948-жылдары "Манас" эпосуна байланыштуу партиядан чыгарылып, үйдө отуруп калган. 1936-жылы сөздүк түзсүн деп Москвага чакырылган. Үй-бүлөсү менен барып, ал жакта эмгектенип жүргөндө Касыкем (Касым Тыныстанов — ред. ) 1937-жылы камалып, анын жакыны, санаалашы катары сөздүк түзүүдөн чыгарылган. Сөзүнө сак болуп калганы ушундан улам болсо керек.
— Касым Тыныстанов экөө кандайча кездешип калышкан экен?
С.М.: — Карасаев өзү бардар үй-бүлөнүн баласы болгон. Анын атасы мал-жандуу киши экен. Үркүндө Кытайга чейин барып келген. Ал жакка Тыныстанов дагы барган. Бирок экөө бири-бири тууралуу айткандары, кезикендери тууралуу көп маалымат жок. Экөө тең орус-тузем мектебинде окуп, орус тилин жакшы билип калышкан. Андан сырткары, Ленинградга чейин барып окуган. 1923-жылдары Тыныстанов Ташкентте окуп жүргөн кезинде ооруп калып, Караколго келген. Ошол жаткан Сыдык Карачевдин үйүндө кездешсе керек деп ойлойм. Анан аларга Касыкем сунуштап, Токо Абдырахманов, Жапар Шүкүров, Баялы Исакеев, Базаркул Данияров, булардын баары ошол жактан билим алышкан да.
А. И.: — Ооба бул дал ушундай агай, бул тууралуу өзү жөнүндө эскерүүлөрүндө кеңири жазылган. Экөөнү Ташым Байжиев тааныштырып, Касым Тыныстанов Кусейин Карасаевге Ташкентке барып окууну сунуштаган экен.
— Чогуу жүрүп калган экенсиз. Кусейин Карасаев менен болгон кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
С.М.: — Жогоруда буларга карата куугунтуктар болгонун учкай айтып өттүм. Ал учурда эми заман ошондой болгон да. 1985-жылы Ишенаалы Арабаевдин, Касым Тыныстановдун атын айтууга мүмкүн эмес болчу. Ошондо тилдик материалдын негизинде доклад жасап, эң биринчилерден болуп ушулардын ысымын айтып чыккам. Ошол докладдан кийин ата мени чакырып, чай ичип болгон соң "академияда сөз сүйлөптүрсүң го" деди. Болгонун болгондой айтып бердим. Анан Кусейин ата: "Балам, сен эми жашсың, сак бол. Алардын аты далай кишини көмөлөтө чапкан", - деди. Бир дагы ат, фамилияны айткан жок. Сөзгө сак деп жатканым ошондон улам.
Чыгып жатканда машинкага басылган 800-900 беттен турган китебинин төртүнчү көчүрмөсүн берди. Ал кезде башка нускасы көп болсун деп атайын кагаз (аны эл жөнөкөйлөштүрүп кара кагаз деп атап алганбыз) коюлуп печать терилчү. Анан улам кийинки көчүрмөсү начар көрүнүп, төртүнчүсү араң эле окулуп калыптыр. Берип жатып: "Биринчиси өзүмдө, экинчисин Салижан Жигитовго бердим. Төртүнчүсүн көзүң курч деп сага берип жатам", - деди. Окуп 10 күндөн кийин келип: "Майда-чүйдө нерселерди жаза берипсиз. Үч доорду жашадыңыз, Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүн, интеллигенциянын ортосундагы оош-кыйыштарды, көрө албастыктарды көрдүңүз. Эмнеге ошолорду жазган жоксуз? Эмнеге Аалы менен Түгөлбайдын чатагын жазган жоксуз" , - дедим. Ошондо: "Муну кара, акыл үйрөтүп жатканын. Аны силер жазгыла. Сен даярданып жүрөсүң, сен жазасың", - деп колун силкип койду. Болбогон нерселерди жаза берипсиз деген сөзгө ачууланса керек. Бул мен үчүн абдан чоң сабак болгон.