Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тарткандарга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы товарларды мыйзамсыз ташууга каршы аракеттерди күчөтүүнү тапшырды

72
(жаңыланган 17:28 03.08.2019)
Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, бардык тескөөчү жетекчилерге жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тарткандарга каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеңешмеде өкмөт башчы салык төлөөдөн баш тарткандарга каршы активдүү чаралардын жоктугу бюджеттин киреше бөлүгүндөгү айрым бир маселелерге алып келерин айтты.

"Салык көлөмүнүн азаюусу — бул жылдар бою топтолгон салыктык башкаруу маселелеринин жыйындысы. Экономикалык блокко жооптуулар мыйзамдарды жакшыртып, активдүү иштерди жүргүзүп жана салык процедураларын электрондук фискалдаштыруу тутумуна киргизүү чараларын күчөтүүгө тийишсиңер. Бардык мамлекеттик органдардын бул багыттагы ыкчам ишин күчөтүү керек. Бүгүнкү күнү ал канааттандырарлык эмес жана абдан көңүл бурууну талап кылат", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, бардык тескөөчү жетекчилерге жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Мындан тышкары, премьер-министр товарларды, анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепсиз ташуу мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна бир кыйла таасир берерин белгиледи. Ошондой эле жакын арада кабыл алынган аракеттердин жыйынтыктары өкмөттө кайрадан караларын кошумчалады.

72
Белгилер:
товар, мыйзамсыз ишкердик, жыйын, өкмөт башчы, өкмөт, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
Өкмөт товарларды чек арадан өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү маселесин карады
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив

Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди

524
(жаңыланган 19:40 23.10.2020)
Лавров кыргыз кесиптеши менен болгон жолугушуусунда мурдагы өкмөт менен жетишилген келишимдер боюнча дагы сөз болгонун билдирди.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттердин Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроосуна жооп берди.

Буга чейин 5-6-октябрдагы окуялардан улам Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтоткону кабарланган. Бүгүн Москвада эки өлкөнүн ТИМ башчылары Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Лавровго Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү качан жанданары тууралуу суроо узатылды. Ошондой эле Евразия фонду тарабынан берилчү 100 миллион долларлык кредит тууралуу да кеп козголду.

"Жеңилдетилген насыя бөлүп берүү чечими бар, аны эч ким жокко чыгарган эмес. Бирок аны кайсы убакта бөлүү маселесин ошол фонд менен сүйлөшүү керек", — деди ал.

Лавров кыргыз кесиптеши менен болгон жолугушуусунда мурдагы өкмөт менен жетишилген келишимдер боюнча дагы сөз болгонун кошумчалады.

524
Белгилер:
кредит, ТИМ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Руслан Казакбаев Москвада ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту
Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчыларынын жыйыны. Видео
Сергей Лавров Кыргызстандагы кырдаалга баасын берди
Пирс на пляже озера Иссык-Куль в районе села Булан-Соготту. Архивное фото

Ысык-Көлгө быйыл канча турист келип, канча салык чогулганы айтылды

130
(жаңыланган 18:28 23.10.2020)
Былтыркы жылы жай мезгилинде Ысык-Көлгө 1 миллион 200 миң турист келген. Алардын ичинен 212 миңи чет элдик эс алуучулар болгон.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Быйылкы туристтик сезондо Ысык-Көлгө эс алуу үчүн өлкөнүн башка аймактарынан 109 миң турист келди. Бул тууралуу облустук координациялык кеңештин жыйынында сөз болгонун өкмөт өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, былтыркы жылы жай мезгилинде Ысык-Көлгө 1 миллион 200 миң турист келген. Алардын ичинен 212 миңи чет элдик эс алуучулар болгон.

Келерки жылы Түркияда эс алуу кымбатташы мүмкүн. Себеби

Мындан улам быйыл чогулган салыктын көлөмү дагы кескин кыскарганы айтылат. Мисалы, былтыр 68,7 миллион сом чогулса, быйыл бул көрсөткүч 30,8 миллион болгон.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус катталгандан тарта чет элдиктер үчүн чек ара жабылган эле.

130
Белгилер:
салык, туризм, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Иманалиев: COVID-19дан улам быйылкы эс алуу тартиби бир топ өзгөрөт
Коронавирус: Ысык-Көлдө жаңы госпиталь пайдаланууга берилди
Беткап кийип мектепке бараткан окуучулар. Архивдик сүрөт

Өтө катаал айлар келе жатат. ДССУ башчысы мектептерди жабууга чакырды

0
(жаңыланган 14:00 24.10.2020)
ДССУ жетекчисинин айтымында, дүйнө COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турат. Өзгөчө түндүк жарым шары абдан кооптуу абалда.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда пандемия өтө күчтүү болорун айтып, өлкөлөргө мектептерди жабууну сунуштады. Бул тууралуу жетекчинин Женевадагы брифинги учурунда сөз болду.

“Азыр биз COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турабыз. Өзгөчө түндүк жарым шары, айрым мамлекеттер абдан кооптуу абалда. Айрым өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасында ресурстар түгөнүшү ыктымал. Андыктан дүйнө лидерлери өлүмдүн санын азайтууга аракет кылышы керек. Мектептерди дагы жаап туруу зарыл”, — деди Гебрейесус.

Октябрда коронавируска кабылган балдардын саны үч эсеге өстү

Мындан улам уюм жетекчиси элге так маалымат берип, муктаж болгондорго жана бизнеске болушунча жардам көрсөтүү керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
ден соолук, мектеп, пандемия, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги
Өкмөттө мектептердеги окуу жана эпидемиологиялык абал талкууланды