Салык кызматы: июль айында салыктар былтыркыдан 1 миллиард сомго көп чогулду

© Sputnik / Табылды КадырбековСдача Единой налоговой декларации в КР
Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу быйыл бир миллиард сомго көбүрөөк чогулган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Салык кызматы июль айында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Салык кызматы июль айында 6 миллиард 747,1 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултуп, белгиленген план 102,2 пайызга аткарылган. Муну менен 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 754,4 миллион сомго өскөнү белгиленет.

Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жашырып коюшкан. Салык кызматы текшерүүдөн кийин 7,7 млрд. сом тапты
Ал эми жыйналган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 2 миллиард 512,5 миллион сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 266,2 миллион сомго көп экени айтылат.

Ошол эле учурда, 6 айдын жыйынтыгы боюнча толугу менен чогултулбай калган салыктардын (1 миллиард 517,4 миллион сом) жана камсыздандыруу төгүмдөрдүн (750,1 миллион сом) суммасы июль айындагы пландын ашыгы менен аткаруунун эсебинен салык боюнча 147,1 миллион сомго жана социалдык төгүмдөр боюнча 79,7 миллион сомго кыскарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0