Солтон-Сарыдан кен казууга ким качан уруксат берген? Тизме

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүДобыча золота на руднике "Ирокинда" в Бурятии
Добыча золота на руднике Ирокинда в Бурятии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай компаниясы эң акыркы лицензияны Сапар Исаковдун өкмөтүнөн алганы белгиленет.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Zhong Ji Mining Company ишканасына Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштетүүгө 2009-жылы лицензия берилген. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле лицензиялар качан жана ким тарабынын берилгени тизмектелген.

Компаниянын жетекчиси: Кытай жараны Сюй Говей;

Негиздөөчүсү: "Компания Чайна голд Гонконг бучук майнинг компи лимитед".

Zhong Ji Mining Company кытай-кыргыз компаниясына төмөндөгүдөй лицензиялар берилген:

Вице-премьер-министр КР Жениш Разаков - Sputnik Кыргызстан
Солтон-Сарыдагы чыр: Жеңиш Разаков Кытайдын элчиси менен жолукту
№ 2387 АР лицензиясы — Солтон-Сары кенинин Бучук аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2009-жылдын 20-декабрында 2020-жылдын 2-февралына чейинки мөөнөткө берилген.

Биринчи лицензия Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Капар Курманалиев тарабынан берилген.

Кийин 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев берген. Акыркы уруксат кагазын 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаковдун тушундагы өкмөттөн алышканы белгиленет.

Алтын казыла турган жердин аянты 1500 гектар, жалпы төлөмдөр 211,9 миллион сомду түзөт.

3228 АЕ лицензиясы — 2013-жылдын февралында Солтон-Сары кенинин Бучук участкасынан алтын казууга 20 жылга уруксат берилген. Анда лицензияны Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуевден алышкан.

Жердин аянты 44,07 гектар, алтындын көлөмү 12 тоннаны түзөт.

Ошол эле учурда 745 миң доллар бонус төлөнгөн.

2015-жылы компания кайра каттоодон өткөн.

2019-жылы 1,3 тонна алтын казуу мерчемделген, кийинки жылкы пландар 2,1 тоннаны түзөт.

2015-жылдан 2019-жылга чейин компания төлөм жана кайрымдуулук катары 37,2 миллион сом которгон.

Бүгүнкү күндө компаниянын жол, фабрика куруу объектилеринде 473 адам эмгектенүүдө, алардын 301и — кыргызстандык, 126сы — субподрядчы, ал эми 172си — кытай жарандары.

“Компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу калк карасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылы мамлекеттик органдар Эмгекчил жана Миң-Булак айылдарынын тургундары менен бир нече ирет жолугушуу өткөргөн”, — деп айтылат маалыматта.

Съезд Коммунистической партии в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Солтон-Сары чыры: Кытай тарап кыргыз бийлигине катуу талап койду
Ал жолугушууларда компаниянын убактылуу пайдаланып туруусу үчүн 956,1 гектар жерди бөлүп берүү тууралуу протоколдор түзүлгөн. Дал ушул чечимдердин негизинде мамлекеттик органдар жер тилкелерин убактылуу колдонуу укугун тастыктаган күбөлүк берген.

Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган

Жергиликтүү эл кытай компаниясынын алтын казуусуна каршы болушууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0