Дүйнөнүн эң бай адамдары бир күндө 117 млрд. долларын жоготту. Себеби

© AFP / SAUL LOEBОснователь и главный исполнительный директор Amazon Джефф Безос
Основатель и главный исполнительный директор Amazon Джефф Безос - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир эле Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин 2,7 миллиард доллары жок болуп кеткени айтылат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Жер жүзүндөгү эң бай адамдар финансы рыногундагы кырдаалга байланыштуу 100 миллиард доллардан ашуун акчасын жоготконун Bloomberg басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, дүйнөнүн 500 дөө-шаа бизнесмени 117 миллиард долларынан ажыраган. Тагыраак айтканда, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостун 3,5 миллиард доллары кумга сиңгендей жоголгон. Louis Vuitton Moеt Hennessy компаниясынын президенти Бернар Арнонун төрт миллиард, Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин 2,7 миллард доллары абага учканын Forbes кабарлаган.

Компания Huawei в Сингапуре - Sputnik Кыргызстан
Huawei АКШ санкциясынан качып, Android системасынын ордуна башканы ойлоп тапты
Bloomberg финансы рыногундагы мындай көрүнүштү Кытай менен АКШнын ортосундагы соода мамилеси солгундаганы менен түшүндүрдү.

1-августта Дональд Трамп сентябрь айынан тарта Вашингтон Пекинден барган товарларга 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин билдирген.

Андан көп өтпөй эле Кытай элдик банкы юандын долларга болгон курсун болушунча төмөн түшүрүп салган. Буга жооп катары АКШнын Финансы министрлиги Кытайды валютаны манипулияциялаган өлкөлөрдүн тизмесине киргизип койду. Эми бул боюнча Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылууга ниеттенип жатат.

Ал эми Пекин Вашингтон менен болгон тирешүүдө юанды курал катары колдонуу планы жоктугун, бул сырткы факторлордун таасири экенин айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0